• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдардын абалын сурады

Президент 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта, Ирактан кайтарылган балдардын жашоо-шарттарын жана аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын көрүп келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысына 16-мартта «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан кайтарылган 79 бала Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилгенин, алардын ичинде 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек бала 41 кыз бар экени тууралуу маалымат берилди.

Борбордо балдар үчүн бардык шарттар камсыздалган. Аларга төрт маал тамак берилип турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү алардын коопсуздугун камсыз кылышат. Тийиштүү адистер аларды бара-бара туугандарына өткөрүп берүү үчүн кайрадан коомго аралаштырып, кадимки жашоосуна кайтаруу боюнча иш алып барышат.

Учурда алар коопсуз жашоого кайтуу үчүн реабилитациялоо курсунан өтүшүүдө.

Мамлекет башчысы мекеменин имараты, жатакана бөлмөлөрү, ашкана менен таанышып, балдарга кандай тамактар берилерин көрүп чыкты.

Мекеменин тарбиячылары менен баарлашып жатып Президент балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы ар кандай себептер менен Иракка кеткен Кыргызстандык жарандардын балдары бөтөн жерде согуштук аракеттердин кесепеттерин көрүп, аман-эсен кайтып келишкенин, ошондуктан өз мекенинде алар ар дайым баш калкалай аларын, камкордукка жана коргоого алынарын көрсөтүү зарыл экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров чет өлкөлөрдөгү өз жарандарынын коопсуздугун, өмүрүн жана ден-соолугун сактоо үчүн мамлекет тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалып, бардык ресурстар колдонуларын өзгөчө белгиледи.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн балдарды толук кандуу коопсуз жашоого кайтаруу боюнча реабилитациялоо жана реинтеграциялоо, ар бир бала үчүн балдарды коргоонун жеке планын түзүү жана балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо иштерин күчөтүүгө бурду.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров бардык кепилденген мамлекеттик кызматтарды алууда ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылдыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий