• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат

Президент 0

Бишкек, 03.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Баткен облусунда мамлекет башчысы «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.

Иш сапардын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районуна барат.

Пикир

Оставить комментарий