• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Президент 0

Бишкек, 03.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Жыйында төмөнкү өкмөт мүчөлөрү ант беришти:

— Премьер-министр Марипов Улукбек Асамидинович;

— биринчи вице-премьер-министр Новиков Артем Эдуардович;

— вице-премьер-министр — экономика жана финансы министри Кармышаков Улукбек Тойчуевич;

— Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси — министри Асанкулов Жеңишбек Асанкулович;

— коргоо министри Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович;

— тышкы иштер министри Казакбаев Руслан Айтбаевич;

— юстиция министри Чынбаева Асель Рыспековна;

— ички иштер министри Ниязбеков Улан Омоканович;

— билим берүү жана илим министри Бейшеналиев Алмазбек;

— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Абдралиева Гулмира Курманбековна;

— энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев Кубанычбек Апышевич;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович;

— өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевич;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Иманалиев Кайрат Олжобаевич;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич.

Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Жогорку Кеңешке колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Өкмөттүн жаңы курамынын алдында кечиктирилгис милдеттер турганын белгиледи. Алар экономиканы стабилдештирүү жана коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн антикризистик чукул чараларды көрүү, ошондой эле туруктуу экономикалык өсүш программасын иштеп чыгуу.

Пикир

Оставить комментарий