• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин иши менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда, “Кумтөр” алтын кениндеги убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки абал менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысына алтын кендин үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жаткандыгы, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКынын кызматкерлери тышкы башкаруунун киргизилишин түшүнүү менен кабыл алышкандыгы, айлык маяналар өз убагында жана толук көлөмдө төлөнүп, өлкөнүн бюджетине түшүүчү бардык төлөмдөр жана салыктар планга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайлардын студенттеринин практикалык билим алуусу үчүн, ошондой эле аталган тармакта кадрлар резервин камсыз кылуу максатында, компания жайкы практика программасын жана өлкөнүн ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн эки жылдык тажрыйбадан өтүү программасын ишке киргизген.

Президент алтын ылгоочу фабриканы көрүп чыкты. Анда бир айга жетпеген убакытта убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде “Кумтөр Голд Компани” 44 миң унций алтын сатып, анын натыйжасында 40 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дүң киреше түшкөнү белгиленди.
Ишкананын кызматкерлеринин белгилешинче, кен мол чыккан жерди казуу иштери башталса алтындын көлөмү көбөйөт.

Ошондой эле Садыр Жапаров карьерге да барып, тоо-кен иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын сактоонун зарылдыгына токтолду.

Пикир

Оставить комментарий