• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

Президент 0


Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаңы 2022-жыл менен куттуктады, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу:

«Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Бир нече мүнөттөрдөн соң жаңы 2022-жылдын мезгил чен-өлчөмүндө жашай баштайбыз.

Мен Кыргыз Республикасынын Президенти катары калайык-калкымды Жаңы жыл майрамы менен алгачкы жолу куттуктап олтурам.

Жаңы жыл өткөн жылга кылчая карап, „эмне иштерди аткара алдым, бул жыл эмнеси менен эсте калды“ деген суроолорго жооп издөөгө, ошол эле учурда келечекке максат кылынган иштерди, ой-тилектерди, иш-аракеттерди алдын-ала болжоп алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Узап бараткан жыл маани-маңыздуу окуяларга бай болду.

Мамлекетибиздин эртеңки өнүгүү багытын көздөгөн, ага түздөн-түз таасир этүүчү саясий чечимдер кабыл алынды. Жыл башында жаңы Конституциябыз даярдалып, коомдук кеңири талкуудан соң, жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынды.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, элибиз Президенттик башкаруу системасын тандап алды.

Жергиликтүү кеңештер, Жогорку Кеңешке шайлоо дагы жаңы Баш мыйзамдын негизинде өткөрүлүп, анын расмий жыйынтыктары жарыяланды. Ага жалпы эл-журтубуз күбө.

Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында канчалык сын-пикир айтылбасын, ага карабастан, алгачкы ирет таза жана ачык-айкын шайлоону өткөрө алдык. Муну эл аралык байкоочу миссиялар, дүйнөлүк кадыр-барктуу уюмдар дагы ырастады.

Эл менен буга чейинки жолугушууларда белгилегенимдей, шайлоолор — өлкөдөгү жаңы Конституция кабыл алынгандан кийинки ири саясий өнөктүктөрдүн соңкусу, анын саясий логикалык жыйынтыгы десек туура болот. Биз эч качан демократиялык дөөлөттөрдүн жолунан кайтпайбыз, анын принциптерин бекем сактайбыз!

Тилекке каршы, узап бараткан жыл адам өмүрүн алган кейиштүү окуялар менен да коштолду. Албетте, сөз нугу жаз айларында Баткен жергесинде жарандарыбыздын өмүрүн алган кайгылуу окуялар тууралуу жүрүп жатат.

Ошол күндөрдө „аскерлерибиз каякта, жалпы мобилизациялоо жүргүзүү керек“ дегенге чейинки чакырыктар айтылды. Бирок биз андай кескин аракеттерге барганыбызда, бирөөлөрдүн чырагына май тамызып, балким, ушул күнгө чейин согуштун отун өчүрө албай келмекпиз.

Учурдан пайдаланып, ошол күндөрү каза болгон мекендештерибиздин жакындарына дагы бир жолу сабыр тилеп, көңүл айтамын.

Дорогие кыргызстанцы!

2021-й год запомнится нам как яркими и светлыми событиями, так и тяжелыми испытаниями. Трагический инцидент в апреле нынешнего года в Баткенской области унес человеческие жизни… Вооруженное столкновение, которое нарушило мирную жизнь простых людей, привело к человеческим жертвам и немалому экономическому ущербу. Как Глава государства, я ещё раз приношу слова соболезнования родным погибших и сочувствия пострадавшим согражданам.

Отныне мы будем прилагать все усилия для того, чтобы предотвращать подобные события.

Несмотря на все трудности, мы выстояли перед натиском этих вызовов. Мы вступаем в новую эпоху, уверенно глядя в будущее и твёрдой поступью шагая вперед.

Состоявшиеся в конце уходящего года успешные выборы в Жогорку Кенеш показали, что наша страна не свернет с пути демократических реформ. Мы успешно завершили заключительный этап реформы системы государственного управления.

Теперь настал черёд заниматься экономикой, повышением уровня жизни наших граждан и решением их насущных социальных нужд и потребностей.

За этот год мы достигли серьезных экономических успехов, подвижек в промышленности и сельском хозяйстве. Появились новые и впечатляющие возможности для предпринимательства. И в дальнейшем государственная политика будет направлена на создание благоприятных условий для развития бизнеса в Кыргызстане.

В условиях современного мира особое значение имеет воспитание молодого поколения в духе патриотизма, повышения уровня грамотности населения, пропаганды знаний, уважения к собственной исторической памяти и культурному наследию.

Мы должны ценить независимость нашего государства и в дальнейшем укреплять мир и спокойствие, политическую стабильность и национальное единство. Именно они — залог развития и процветания в государстве.

2021-й год был непростым, но трудности, с которыми мы столкнулись, сплотили нас. Мы должны верить в себя, свои возможности и в то, что у нас уникальная страна, которая обладает большим потенциалом для развития и человеческими ресурсами.

Урматтуу мекендештерим!

Узап бараткан жылы жалпы аракет менен, „бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган“ биримдигибиз менен коронавирус инфекциясынын жайылышын кескин түрдө ооздуктай алдык.

Бирок ошол эле учурда, коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болушу, башка мамлекеттерде анын өөрчүп жатышы өтө сак болууну, илдеттин жайылышын алдын алуу багытындагы иштерди кылдаттык менен уланта берүүбүздү талап кылат.

Калкыбыздын саламаттыгына, билим алуусуна кам көрүү — биздин башкы мүдөөбүз, эң негизги приоритетибиз. Мамлекет тарабынан медицина кызматкерелерине, мугалимдерге карата мамиле кескин өзгөрөт.

Алардын айлык-акыларын жогорулатабыз.

Кадырлуу мекендештерим!

Мен Президент катары кызматка жаңыдан киришип жатканымда, өлкөбүздүн экономикалык абалы кандай абалда болгондугу баарыңыздарга белгилүү.

Жогоруда белгилегендей, пандемия кесепеттери, бюджеттин тартыштык маселеси чындап эле курч турган.

Бирок биз элдин ишенимине арзып, жоопкерчиликти мойнубузга алып, кызматка киришкен соң, кыска убакыт аралыгында демилгени өз колубузга алып, социалдык-экономикалык багыттагы иш-аракеттерди ыкчам, жигердүү баштадык.

Буга чейин кайда кетип жатканы элге белгисиз болгон каражаттардын агымын тыкыр талдап, аларды кайрадан мамлекеттин казынасына бура алдык.

Бул өз кезегинде бизге социалдык милдеттенмелерди толук кандуу аткарууга эле эмес, кайсыл бир деңгээлде эмгек акы, жөлөк пул, пенсияларды көтөрүүгө, элдин социалдык маселелерин чечүүгө мүмкүндүк жаратты.

Мындай иш-аракеттер ушуну менен эле токтоп калбайт.

Бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акыларын да жогорулатуу иштери мүмкүнчүлүккө жараша мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары, мамлекеттик банктар аркылуу айыл чарба багытындагы иштерге берилген насыялардын максаттуулугу менин жеке көзөмөлүмдө экенин дагы бир жолу айтып өтөйүн. 6 пайыздык арзан кредиттерди аткаминерлер тааныш-билиштикке салып, өздөрү алган учурларга эми жол бербейбиз.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына тарифтер жаңы жылдан баштап 50 тыйындан эсептеле баштайт. Бул аз камсыз болгон 110 миңден ашуун үй-бүлөгө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү дегенди билдирет.

Кыргызстан суу башында турган өлкө экенин, энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алуу менен энергетика тармагынын туруктуу иштеши жана өнүгүүсү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлөрүн баса белгилеп айта кетейин.

Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу жаатында үзгүлтүксүз иштер алып барылууда. Маселен, эгемендүү тарыхыбызда биринчи жолу өз каражатыбызга коргонуу мүмкүнчүлүгүбүздү күчөтүп, аскерлерибизди азыркы заманбап техника менен камсыз кылдык. Ошону менен бирге өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу менен аскердик техникалар жаңыланууда.

Көп жылдардан бери мамлекеттик чек арабыздын айрым тилкелерин так ажыратуу маселеси чечилбей, бийликтен бийликке өтүп, олуттуу көйгөй бойдон калып келген. Биз аны колго алып, дипломатиянын жолу менен чечүүнү кескин жүргүзүп жатабыз. Чек ара маселесин чечүү — орчундуу маселелерибиздин бири.

Чек ара тилкелерин так аныктоо, делимитациялоо жана демаркациялоо жаатындагы иштер жүрүп жаткандыгы боюнча маалыматтар элибизге байма-бай берилип жатат. Бул иш тыкыр көзөмөлдө.

Урматтуу мекендештер!

Жаңы жылда Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылат. Баарыңыздар баамдап тургандай, бул — биз үчүн олуттуу жоопкерчилик.

Өлкө экономикасынын өнүгүп-өсүүсүн камсыздоо максатында инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бир топ иштер аткарылууга тийиш, бир топ иштердин турмушка ашуусу мерчемделип жатат.

Урматтуу мекендештер!

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө, жакынкы жана алыскы мамлекеттер менен болгон дипломатиялык байланыштарды чыңдап, көп тараптуу мамилелерди жүргүздү. Стратегиялык өнөктөштөр жана жакын коңшулар менен болгон кызматташтык күчөп, Кыргызстан БУУ, ЕврАзЭС, КМШ, ШКУ, Түрк мамлекеттер уюму менен кызматташууну активдүү жүргүзүү менен эл аралык мамилелердин жаңы баскычына көтөрүлдү.

Жаңы жылда дүйнөлүк державалардын жетекчилери Кыргызстанга расмий иш сапары менен келиши күтүлүүдө. Бул да биздин өлкөбүзгө болгон эл аралык ишенимдин белгиси.

Урматтуу мекендештер!

Кыргызстан — тоолуу өлкө. Биз улуттук байлыгыбыз, жерибиздин ыйык тиреги болгон тоолорбуздун, жаратылыш менен экологиябыздын актуалдуу маселелерин дүйнөлүк аренага көтөрүп чыгып, жалпы эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, БУУнун Генералдык ассамблеясынын сессиясына алып чыктык. Кыргызстандын демилгеси колдоого алынып, кыргыз тоолорун көздүн карегиндей сактоо маселеси жактырылды.

Ошондой эле 2022-жылы Кыргызстанда өтө турган кезектеги дүйнөлүк Тоо саммитин жогорку деңгээлде өткөрүү милдети алдыбызда турат.

Тоолор — элибиздин куту! Кут элибизге ошол тоолордон келерин ата-бабаларыбыз айтып келген. Бул ыйык нускоону эч качан унутпообуз зарыл деп ойлойм.

Урматтуу мекендештер!

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыгып, бийликтин бардык бутактары толук калыптанды. Өлкөбүздө бекем институционалдык платформа түзүлдү.

Өлкөнүн келечеги үчүн бир максат, бир ой менен биримдикте аракет кылуунун учуру келди.

Биз өлкөдөгү бардык саясий күчтөр менен биргеликте иштөөгө даярбыз, конструктивдүү иш-аракеттерге ачыкпыз.

Курулай саясаттан жаратмандык ишке өтөлү. Өлкөнүн тагдырына баарыбыз бирдей жоопкербиз!

Ал жоопкерчиликтин башкы маңызы — өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү!

Урматтуу мекендештер!

Алдыбызда өлкөбүздүн экономикасын бийик деңгээлге көтөрүү, илим-билим, маданият тармагын өнүктүрүү, Кыргызстанды жакынкы жылдарда алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуу милдети турат.

Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен элибиздин ынтымагын, биримдигин бекемдеп, өнүгүүгө жол салабыз!

Жаңы жыл асыл ой-максаттардын турмушка ашкан жылдарынан болсун!

Элибизде, жерибизде туруктуулук түбөлүккө орноп, бакубатуулук менен байгерчиликке жетишели!

Мекенибизде дайыма тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык болсун!

Жараткан тилектерибизди кабыл кылсын!

Жаңы жыл босогосунда элибизге бекем ден соолук, дасторконго береке, жашоодогу аруу тилектердин орундалышын жана чексиз бакыт каалаймын!

Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!»

Пикир

Оставить комментарий