• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат:

-Төраганын орун басары Таалатбек Масадыков;

-Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов;

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары —Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев;

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

- Кыргыз Республикасынын коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Ошондой эле, жыйынга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өлкө Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат.

Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфир 10-00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий