• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын урматтуу кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мамлекеттин тынчтыгын, элибиздин бейпилдигин, ар бир жарандын коопсуздугун күндүр-түндүр камсыз кылуу - дал ушул милиция кызматынын башкы милдети. Мындай ары татаал, ары ардактуу кесип ээлеринин эмгегин өзгөчө белгилеп кетүүгө арзыйт.

Өлкөбүздөгү жүрүп жаткан саясий жаңылануу мезгилинде, экономикалык багыттар кайрадан каралып, өнүгүү жолу жаңы нукка түшүп жаткан маалда ички иштер органдарынын коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана жарандарыбыздын укуктарын коргоо багытында аткарып жаткан иштери абдан чоң мааниге ээ!

Милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү - коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү. Ошол себептен өлкөнүн өнүгүүсүндө ички тартиптин, элдин коопсуздугунун сакталышы өзгөчө мааниге ээ. Мындай жоопкерчиликтүү кесипти аркалаган милиция кызматкерлери элдин толук ишенимине ээ болууга тийиш. Биз мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алдыңкы коом куруу максатыбызга ошондо гана жетебиз. Ошондуктан, сиздер аркалап жаткан кызматыңыздарда кесипкөйлүккө ээ болуп, Мекен алдындагы бийик жоопкерчиликти сезишиңер абзел.

Милиция кызматкерлеринин сапаттуу иши - өлкөбүздүн туруктуулугунун, өнүгүүнүн жана жарандардын коопсуз жашоосунун кепилдиги! Ага жараша элдин тынчтыгына кам көргөн ардактуу милиция кызматында өз кесибин сүйүп, ага жоопкерчилик, абийирдүүлүк менен мамиле кылган, кесипкөй, билимдүү адистер иштеши кажет.

Урматтуу тартип сакчылары!

Тагылган милдеттерин татыктуу өтөп жаткан эр жүрөк милиционерлерди, элдин бейпилдигин камсыз кылууга бүткүл өмүрүн арнап, эмгеги сиңген ардагерлерди кесиптик майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм. Мыйзам, милдет, намысты туу туткан милиция кызматкерлери – сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Күч-кайратыңар күн сайын чыңала берсин! Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрсүн!”

Пикир

Оставить комментарий