• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Москвага келди

Президент 0


Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, биринчи чет элдик иш сапары менен Москва шаарына, Россия Федерациясына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ошондой эле мамлекет башчысынын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана кыргызстандык студенттер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий