• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров прокурорлорду ишти сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда, өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада, көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлерин ишти сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болууга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы ар бир кылмыш жөнүндө билдирген адам принципиалдуу жана калыс тергөө жүргүзүү аркылуу, мамлекет тарабынан — анын тебеленген укуктарынын реалдуу түрдө калыбына келтирүүнү жана камакордукту сезүүсү зарыл экенин белгиледи. Аны менен бирге, ар бир кылмышкер сөзсүз жазаланууга тийиш.

Садыр Жапаров өнүккөн мамлекеттин маңызы — бул өнүккөн коом экенин белгиледи. Мамлекеттин жашоосундагы бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу туруктуу жана ар тараптуу өнүгүү үчүн өбөлгө түзөт. Ошондуктан, прокурорлор мыйзам сакчылары катары мамлекеттин учурдагы өнүгүү жолуна түшкөн саясатын бардыгына бирдей жана так аткарылышына прокурордук көзөмөл кылып, мыйзам бузууга жол бергендерге принципиалдуу чара көрүшү зарыл.

Мамлекет башчысы прокуратура органдарынын кызматкерлеринин арасында тартипсиз кызматкерлер дагы жок эмес экенине, аларга карата буга чейин чаралар көрүлгөнүнө өзгөчө көңүл бурду. Алардын айрымдары кармалып, айрымдары кызматынан алынды.

Президент Садыр Жапаров мындай кызматкерлерден тазалануу керектигин белгиледи. Анткени, ошондо гана элдин ишенимин жогорулатууга мүмкүн болот.

Пикир

Оставить комментарий