• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат

Саясат 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда эки өлкөнүн өкмөт башчылары жылдын экинчи жарымында өткөрүү пландалган эки тараптуу иш-чаралар боюнча пикир алмашты.

"Атап айтканда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий иш сапары, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 11-жыйыны, Кыргыз-казак аймактар аралык форумунун биринчи отуруму сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий