• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров Роза Айтматованы 85 жашы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-мартта заманыбыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованы телефондук сүйлөшүүдө 85 жаш мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы Роза Айтматованын мааракеси 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен туш келип, кош майрам болуп жатканын канааттануу менен кошумчалады.

Садыр Жапаров Роза Айтматованын активдүү коомдук ишмердүүлүгүн жана маанилүү социалдык, маданий иш-чараларга катышуусун белгиледи.

Ал анын атасы, көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмер Төрөкул Айтматов жана агасы, дүйнөлүк жазуучу Чынгыз Айтматов тууралуу эскерүүлөрүн гезит-журналдардан, интернет сайттарынан өзгөчө кызыгуу, берилүү менен окуганын ыраазычылык менен белгиледи.

Мамлекет башчысы кийинки муундардын залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду таанып-билүүсү үчүн бул эскерүүлөр зор мааниге ээ экенин айтты.

Садыр Жапаров Роза Айтматовага бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалады.

Мамлекет башчысынын атынан маараке жана майрамга карата белектер берилди.

Пикир

Оставить комментарий