• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү, - деп президенттин басма сөз кызматы.

Эки өлкөнүн лидерлери Орозо айт майрамына байланыштуу жылуу куттуктоолорун айтышып, бири-бирине чың ден соолук, мамлекеттик ишмердиктерине ийгиликтерди, эки өлкөнүн элдерине бакубатчылык жана өнүгүү каалашты.

Эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыктын башка маселелери менен катар Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялар талкууланды.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге ошол кездеги кырдаалга жеке өзү көңүл буруп, Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган тилкелерди мыйзамдаштыруу маселелерин, суу-энергетика жана инвестиция жаатында кызматташуу келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий