• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Садыр Жапаров шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды

Президент 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби шаарындагы шейх Заеддин күмбөзүнө жана анын атындагы мечитке барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын элесине таазим кылып, күмбөздү көрүп чыкты.

Андан соң, Садыр Жапаров шейх Заед бин Султан Аль-Нахаяндын сөөгү коюлган жердин жанына салынган мечитке кирди.

Мечитти көрүп чыккан соң, мамлекет башчысы Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Пикир

Оставить комментарий