• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Стамбулда өтүүчү ТМККнын 8-саммитине катышат

Президент 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 11-12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен барат. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи жыйынына катышат.

Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев белгилегендей, алдыда өтүүчү Саммиттин алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө. Ошондой эле, түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташтыгын тереңдетүүнүн жол картасы болгон «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» стратегиялык документин, ошондой эле Уюмдун ишмердигине тиешелүү башка документтер кабыл алынат.

Жаңы аталыш Уюмдун эл аралык аренадагы көз карашын бекемдөөгө оң таасирин тийгизип, анын ишмердик чөйрөсүнүн кеңейишине түрткү болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Баку шаарында 2019-жылдын 15-октябрында Уюмдун жетинчи Саммити алкагында Казакстандын туңгуч президенти, ТМКК ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев тарабынан демилгеленген «Түрк дүйнөсүнүн 2040-жылга чейинки келечеги» тууралуу чечимге кол коюу пландалууда.

Аталган стратегиялык документ дүйнөнүн акыркы чакырыктарын жекече жана жамааттык түрдө чечүүдө ага мүчө-мамлекеттердин потенциалын колдоо үчүн негиздерди иштеп чыгууга багытталган.

Учурдагы кызматташтык деми ар бир мүчө-мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү стандарттарын камсыз кылуу боюнча негизги максаттарына жетүү үчүн колдонулат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий