• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров Түркиядагы зилзала жана Атамбаев тууралуу комментарий берди

Президент 0

Акыркы бир нече күндөн бери жалпы дүйнө элинин назары көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөө катталган Түркия менен Сирияда болууда. Көптөгөн өлкөлөр жардам колун сунуп, колдон келген көмөгүн көрсөтүүдө. Кыргызстан да четте карап турбай, алгачкылардан болуп жардам колун сунду. Бирок аны менен катар калк арасында "дүрбөлөңгө" түшүп, Бишкектеги көп кабаттуу курулуштардын сапаты кандай деп санаркагандар да болууда. Апта ичиндеги талкууга түшкөн жаңылык — Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгышы болду. Буга өлкө башчысы Садыр Жапаровдун пикири кандай? Мына ушул суроолор менен президентке кайрылып, жооп алдык.

Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

— Түркия менен Сирияда орун алган жер титирөө бир катар өлкөлөрдү нес кылды. Кыргызстан алгачкылардан болуп жардамга кол сунду. Сурайын дегеним, бул окуя биздеги, айрыкча, ордо калаадагы көп кабаттуу курулуштардын сапаты кандай деп санаркоого себеп болду. Бул тармакта көзөмөл кандай болууда?

Саламатчылык.

— Түрк боордошторубузга Кудай чоң сыноо берди. Жамандыктын артында бир чоң жакшылык бар экенин унутпашыбыз керек. Ошондуктан түрк боордошторду сабырдуулукка чакырам. Кудай кайтыш болуп кеткендерге бейишинен орун берсин деп тилейм. Түркия элинде оор жоготуу болду. Кесиптешим Эрдоган мырзага терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белди бекем бууп, кайрат кылуудан башка арга жок. Түркияга барып, бетме-бет жолугуп көңүл айтып келсек жакшы болот эле. Бирок ансыз деле кабыргасы кайышып, аза кайгысын тартып, эл камы үчүн күнү-түнү жан үрөп, чолоосу тийбей жаткан маалда жүк болуп, тоскоолдук жаратпайлы дедим. Президенттердин барганы тосуп алган тарапка да өзүнчө эле бир түйшүк болот.

Эми бизде салынган көп кабаттуу үйлөргө токтоло турган болсок, биз дагы "Кудай өзүң сакта" деп жашагандан башка аргабыз жок. Союз чачырагандан берки акыркы 32 жылда бир топ көп кабаттуу үйлөр салынды. Союз маалында көзөмөл жакшы болчу. Андан бери көзөмөл начарлады. Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат.

2020-жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча иштерди иретке салып келе жатабыз. Көзөмөлдү күчөттүк. Кечээ жакында Мамлекеттик курулуш мекемесин реформа кылдык. Мындан ары “бир терезе” болот. Архитектураны Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына берип, Бишкектин ичиндеги курулуштарды ирээтке келтиргиле дедик. 2020-жылдан бери Бишкектин ичиндеги көп кабаттуу үйлөрдөн 64 батирди мэрияга алдык. Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) өткөрүп берип жатабыз. МИК аркылуу кезекте турган элге 20-25 жылга ипотекага беребиз. Мындан сырткары, Бишкек шаарынын ичинде бүгүнкү күндө 74 көп кабаттуу үй мыйзамсыз салынган экен. Жерлери трансформациядан өткөн эмес. Беш жылга ижарага деп алып алышып, көп кабаттуу үйлөрдү салып, сатып жиберишкен. Азыр эл жашап жатат. Кызыл сызыкка салынган үйлөр да бар. Андан сырткары, келишим менен мэриядан жер алып жатканда квартиралардын 10 пайызын беребиз деп жерлерди алып алышып, бирок бир дагы батир бербегендер бар экен. Алардын баары азыр эми мыйзамдаштырып бергиле деп кайрылып жатышат. “Макул биз мыйзамдаштырып берели, бирок сапатын өз мойнуңарга аласыңар. Абийир соту силердин мойнуңарда” деп жатабыз. Сүрдүрүп салалы десек эл жашап жатат. Элде эмне күнөө? Убагында кызылдай акчага сатып алышкан да.

Кыскасы мурдагы мэрлер, Мамкурулуш, архитектура кызматкерлери аман эле болушсун. Өздөрү кошо коррупцияга кекиртегинен батып кетишкен экен.

Азыр эми биз алардын “кирин” тазалап жатабыз. Эми буга чейин салынып баштап бирок анча-мынча бүтпөй калган үйлөрдү гана, эгер кызыл сызыкка кирип кетпеген болсо, аягына чыгарганга уруксат беришибиз мүмкүн.

Мындан ары башаламан курулуштар болбойт жана жаңы салынып жаткан көп кабаттуу курулуштардын сапаты толук мамлекеттин көзөмөлүнө алынды.

— Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кечээ өлкөбүздө орун алган окуя – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иштери кайра кароого жиберилиши жана анын дарылануу үчүн чет жакка чыгуусуна уруксат берилишине сиздин пикирди билсек. Соттун чечимине көз карашыңыз кандай болду, чечимине макулсузбу?

Сот менен укук коргоо органдары чечтиби, демек, соттун чечимине баш ийишибиз керек. Эң негизгиси мыйзамга баш ийип жашаганды үйрөнөлү. Былтыр дагы Октябрь окуясы, мектеп салганы, чет өлкөнүн жарандарына паспорт берген кылмыш иштери боюнча сот актап жиберген. Анда деле соттун чечимине макул болушубуз керек дегенбиз. Макулбуз.

"Түрмөдө жыландын баласы дагы жатпасын" деген сөз бар. Мен душманымдын дагы түрмөдө жатышын каалабайм. Кудай, пайгамбарыбыз Мухаммад саллалоху алейхим вассалламга: "Мен дайыма кечиримдүүлөр менен сабырдуулар тараптамын" деп айткан экен. Кечиримдүү болушубуз керек. Биз Кудай жолунда болсок, бардык иштерибиз дайыма алдыга жылат.

Суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн Сизге рахмат!

— Рахмат. Ишиңерге ийгилик каалайм!

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий