• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти

Президент 0

Бишкек, 11.03.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат.

Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделген.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;

— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;

— энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Кирешеев;

— Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиев;

— Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев;

— Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев;

— Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;

— Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев.

Пикир

Оставить комментарий