• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров «Жер - Ынтымак» конушунун тургундары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына келе жатып, Адаминистрациянын имаратынын алдында чогулган Бишкек шаарынын түштүк-батыш көрүстөнүнүн жанындагы “Жер - ынтымак” конушунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алар Президентке кайрылышып, өз жер тилкелерине “кызыл китептерин” 15 жылдан бери ала албай келишкенин, анткени конуш орун алган жер расмий түрдө санитардык-коргоочу аймакка кирерин айтып беришти.

Алардын айтымында, аталган конушта 1300 үй орун алып, жалпысынын 5-10 миң киши жашап, алардын бардыгы каттоосу жоктугунан улам башка жарандар менен катар мамлекеттик кызматтарды ала албай келишет. Мындан улам, алар зарыл справкаларды алып жана мамлекеттик социалдык кызматтарды колдонуусу үчүн бийликтегилерден турак-жайларын мыйзамдаштырып берүүнү өтүнүштү.

Митингдин катышуучулары алардын турак-жайлары санитардык-коргоочу аймакта орун алганына карабай, ушул убака чейин ал жакта жашап жана саламаттыгына терс таасирин тийгизгенин сезишпегенин белгилешти.

Буга байланыштуу “Жер - ынтымак” конушунун тургундары бийликтегилерден документтерди каттап берүү маселесин болушунча тез чечип берүүнү өтүнүшөт.

Мамлекет башчысы алардын кайрылуусун угуп, анын тапшырмасы менен тийиштүү адистер жерине барып, маселени изилдеп жана кырдаал боюнча маалымат беришерин белгиледи. Маселе изилденген соң тийиштүү чечим кабыл алынат.

Аны менен бирге Садыр Жапаров калктын көпчүлүгүнүн турак жай жана тилкелерин мыйзамдаштырууга байланыштуу маселелерин болушунча тез чечүүгө бардык зарыл аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, облустарда көйгөй этап-этабы менен чечилүүдө. Жакында эле борбор жанындагы ТЭЦ-2 жерлерин трансформациялоо жана тургундарга “кызыл китептерин” берүү тапшырмасы берилди. Бул маселелердин баарын чечүүгө убакыт керек.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы дагы бир жолу, митингдер бул сыяктуу маселелерди чечүүнү тездетүүгө же толук чечүүгө жардам бербей турганына чогулгандардын көңүлүн буруп жана жерлерди басып алуу темасына токтолду.

«Баарына айтып коеюн, бир кезде жерди мыйзамсыз басып алып, азыр мамлекеттен өз маселесин митинг аркылуу чечүүнү талап кылып жаткандар муну менен эч нерсеге жетишпейт. Митингдер кырдаалды турукташтырууга же жакшыртууга жардам бербейт – муну баары түшүнүшү керек. Мындан ары жерлерди өз билемдик менен басып алган мурдагыдай башаламандык болбойт. Мыйзам бузган адамдарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Биз мыйзамдуулук жолу менен баратабыз жана мындан ары мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз», - деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий