• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Үстүбүздөгү жыл Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгы жана ЖККУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен белгиленип жатканын айтып, мамлекет башчысы уюмдун мааракелик жылына ЖККУга мүчө мамлекет - Тажикстан Республикасынын жакындагы мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттери көлөкө түшүргөнүн өкүнүч менен белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Станислав Заска Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы, анын натыйжасында жай тургундардын жана аскер кызматкерлеринин өлүмү, ошондой эле Баткен облусундагы жарандык жана социалдык инфраструктуранын эбегейсиз кыйрашы тууралуу кеңири айтып берди.

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась өз кезегинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтты.

Уюм бул кризистик кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

ЖККУнун башкы катчысы ошондой эле мамлекет башчысына 2022-жылдын күзүндө Армения Республикасында өткөрүлүшү пландалган уюмдун уставдык органдарынын алдыдагы отурумдарына жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдык көрүү иштери тууралуу маалымат берди.

Станислав Зась ошондой эле ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бир катар жеке тапшырмаларынын аткарылышы боюнча президент Садыр Жапаровго маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий