• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров жыл аягына чейин иш сапары менен БАЭге барат

Саясат 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик тышкы иштер министри Халифа Аль-Марар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу "Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия" стратегиялык диалогунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2023-2027-жылдарга ПБАМКК+БА биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашырууга киришүү жана саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча ишти улантууга макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын президентинин ушул жылы БАЭге расмий сапарын даярдоо жана уюштуруу үчүн негиз түзүү максатында жакын арада ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүүнү чечишип, өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду жогорку деңгээлде жүргүзүүгө макулдашышты.

Ошондой эле Кыргызстанга “Мамлекеттик акселератор” эмират тажрыйбасын киргизүү жана БАЭ тарабынан Ысык-Көлдүн жээгинде жыл бою иштей турган заманбап эс алуу жайын куруу маселелери талкууланды.

Аль-Марар БАЭнин ШКУга кирүү демилгесин колдоону суранды, ага Кулубаев Кыргызстан эмират тарапты колдоого даяр экендигин белгилеп, БУУнун шайлануучу органдарынын алкагында Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өтүндү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кулубаев кыргыз тарап БАЭнин Кыргызстандагы элчилигинин ачылышын күтүп жатканын билдирди. Х.Аль-Марар эмират тарап бул маселеге чоң маани берерин жана БАЭ өкмөтү жакын арада оң чечим кабыл аларын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БАЭге жыл аягына чейин иш сапары менен барат.

Пикир

Оставить комментарий