• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон иш сапары аяктады

Президент 0

Бишкек, 24.11.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Армения Республикасына 23-ноябрда болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) кезектеги сессиясына катышты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров глобалдык коопсуздук тутумундагы татаал жана жалпы өзгөрүүлөрдүн мезгилинде, саясий, экономикалык, маалыматтык, аскердик ыкмалар жана каражаттардын кеңири спектри колдонулуп жаткан учурда, өзгөрүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп берүү үчүн кызматташтыкты ырааттуу активдештирүү зарылдыгын белгиледи.
ЖККУнун ЖКК сессиясынын жыйынтыгында Уюмга мүчө мамлекеттердин — Кыргыз Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Белгилей кетсек, ЖККУга төрагалык Армения Республикасынан Беларусь Республикасына өттү.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын өкүлү Имангали Тасмагамбетов 2023-жылдын 1-январынан тарта ЖККУнун Башкы катчысы болот.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 24-ноябрга караган түнү Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий