• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна иш сапары жыйынтыкталды

Президент 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна иш сапары менен барып келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы жакында Тажикстан менен болгон куралдуу жаңжал учурунда жабыркаган Максат, Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолугушту.

Баткендиктерге жакындарын, үйүн жана соода объектилерин жоготкондорго жардам берүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Президент ошондой эле Лейлек районундагы аскер шаарчасынын пайдубалын түптөөгө капсула салды жана «Бужум» аскер полигонунан кабар алды.

Пикир

Оставить комментарий