• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгы

Президент 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ички саясаттын эң маанилүү багытын — жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

— коомчулуктун, маданият, илим жана билим берүү ишмерлеринин, бардык кызыкдар тараптардын кеңири катышуусунда 2021-жылдын 1-июнуна чейин Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын (мындан ары — Концепция) иштеп чыксын жана киргизсин;

— бул чөйрөдө колдонулуп жаткан бардык ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди аларды инвентаризациялоо жана иштелип чыгуучу Концепцияга ылайык келтирүү жагына кайра карап чыгуу;

— Концепцияны иштеп чыгууда төмөнкү принциптер эске алынсын:

  • турмуштук жүрүш-турушта руханий-адеп-ахлактык жүйөнүн материалдык кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы;
  • коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы жана аларды бири-бирине каршы койбоо;
  • мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринде, аракеттеринде калыстык принцибинин артыкчылыгы;
  • мамлекеттин жана коомдун негизи катары тарбиячылардын, мугалимдердин, врачтардын жана аскер кызматчыларынын статусунун барктуулугу жана баалуулугу;
  • патриоттуулук, каармандык, мамлекеттик жана муниципалдык бардык кызматтын элге жана Мекенге берилгендиги жана кызмат кылуусу;

— элдин мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына ишенич деңгээлин көтөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жаңы талаптарды төмөнкүдөй негиздерде иштеп чыгуу:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Конституцияны жана мыйзамдарды сактоодо, кызмат ордундагы жана кызматтык ыйгарым укуктарды коомдук иште жана жашоо-турмушта ак ниет аткаруунун үлгүсү болуусу жана элдин пикирин жана талабын билдирүүсү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кыйла квалификациялуу, жогору адеп-ахлактуу жана кынтыксыз бедели бар адамдарды даярдоо жана алардын арасынан тандоо.

2. Маданият, билим берүү, илим жана спорт мамлекеттик органдары:

— билим берүү системасында тарбия берүүнүн улуттук маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келүүсүн; жарандарды жана биринчи кезекте балдарды, анын ичинде турмуштук оор кырдаалдагы балдарды дене-бою жагынан, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылсын;

— билим берүүнүн окуу стандарттарын кайра карап чыксын жана окуучуларды жана окуу жайларынын студенттерине этика, эстетика жана дене тарбиясы боюнча предметтерди киргизсин;

— ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмдөрүн ачуу жана өнүктүрүү, аны эмгекти сүйүүгө жана жогорку адеп-ахлактык принциптерге, инсандын өзүн-өзү жетилтүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзсүн;

— балдарда жана жаштарда бүтүн дүйнө таанууну жана заманбап илимий көз карашты, эмгекке шыктанууну, активдүү жашоо жана кесиптик позицияны, табиятка этият мамиле кылууну калыптандырсын;

— билим берүү системасына жогорку деңгээлде окуу процессин жүргүзүүгө, жөндөмдүү таланттуу педагогикалык жана илимий кызматкерлерди, адистерди тартсын;

— дене тарбия жана спорт каражаттары аркылуу өсүп келе жаткан муундун жарандык-патриоттук тарбиясын жогорулатсын;

— жарандардын, анын ичинде майыптардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

— руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү, патриоттук жана дене тарбиясы жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

— тиешелүү аймакта калкты руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүгө жана дене тарбиясына багытталган иш-чараларды туруктуу негизде уюштурсун жана өткөрсүн.

4. Жалпыга маалымдоо каражаттары:

— салттуу коомдун баалуулуктарын, үй-бүлө, сергек жашоо, Ата Мекенди сүйүү жана элге кызмат кылуунун идеалдарын үгүттөсүн;

— эл аралык деңгээлде өлкөнү жакшы жагынан көрсөтсүн.

Пикир

Оставить комментарий