• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Садыр Жапаров юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 26.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда, өлкөнүн юристтерин Юристтер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу юристтер жана юридикалык чөйрөнүн өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Сиздерге мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн бийик идеалдарын жактоо, Кыргызстандын укуктук мамлекет катары өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу, ар дайым акыйкаттык жолунда, мыйзам тарабында туруу боюнча улуу милдеттер жүктөлгөн. Көп кырдуу ишмердигиңиздер мамлекеттик органдардын ишинде укуктук ченемдерди иштетүүнүн туруктуу механизмин түзүүгө жана камсыз кылууга багытталган.

Жарандардын укуктарын коргоонун кепилдиктерин күчөтүүгө, калктын укуктук аң-сезимин жогорулатууга кошкон салымыңар баа жеткис. Ак ниет эмгегиңер, топтогон тажрыйбаңар, максатка умтулгандыгыңар жана күч-кубатыңар - укук үстөмдүгүн камсыз кылуунун ишенимдүү булагы.

Мыйзамдарды так аткаруу, адам укуктары менен эркиндиктерин жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, негизинен, дал ушул юристтердин кынтыксыз ишинен көз каранды. Укуктук мамлекетти өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун алдыңкы сабында болуу, жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууга иштиктүү көңүл буруу бардык юридикалык коомчулуктун артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат.

Жогорку кесипкөйлүгүңөр, жигердүү жарандык позицияңар, калк алдында күткөн аброюңар мамлекетте, коомдо туруктуулукту жана укуктук тартипти бекемдөөнүн кепилдиги болот деп ишенем.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө бекем ден соолук жана бакубатчылык, ишиниздерде албан-албан ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди каалайм!

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!”.

Пикир

Оставить комментарий