• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Президент 0

Бишкек, 25.05.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш сапардын алкагында Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Мамлекет башчылары кыргыз-россия эки тараптуу кызматташуусунун азыркы абалы менен келечектүү багыттарын, акыркы жолугушуунун жыйынтыгы менен жетишилген келишимдердин аткарылышын, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландарын талкуулашты.

Башка маселелер менен катар региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси да каралды.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Сочи шаарынын «Сириус» федералдык аймагында жайгашкан Олимпиада паркына барып, спорттук объектилер менен таанышты.

Бүгүн, 25-майда, президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий