• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өттү

Президент 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 25-декабрда, министрлер кабинетинин жыйналышы өттү, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Иш-чарага министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, мамлекеттик органдардын, КР президентинин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

Мындан сырткары, жыйынга Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов, Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ж. б. катышты.

Мамлекет башчысы 2020-жылдын 5-октябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2021-жылы аткарылган иштер боюнча отчету угулду. каржы министри Алмаз Бакетаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков жана министрлер кабинетинин башка мүчөлөрү баяндама жасашты.

Ошондой эле, жыйында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралды. Тиешелүү баяндаманы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Алиев жасады.

Эки маселени талкуулоонун жыйынтыгында протоколдук чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий