• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына иш сапары аяктады, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган “Осман гази жана Орхан гази турбеси” мемориалына барды.

Андан соң делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган “Кыргыздар турбеси” мемориалына барышты.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Андан соң Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечегин талкуулашты.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда, Бишкекке кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий