• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна иш сапары жыйынтыкталды

Президент 0

Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 14-15-майда иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду, - деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Иш сапарынын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында "Агро-Куш" ири канаттуулар фермасынын ишке киргизилишине катышты. Баштапкы этапта ишкананын жалпы кубаттуулугу жылына 8500 тонна тирүүлөй салмакты түзөт. Аны ишке киргизүү үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн.

Президент иш сапарынын экинчи күнүндө Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган «Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» 9-эл аралык марафонго старт берди.

Садыр Жапаров ошондой эле "Мен көчмөнмүн" деп аталган кезектеги Ысык-Көл эл аралык "ITF-2021" туристтик көргөзмө-жарманкесинин ачылышына катышты.

Ошол эле күнү мамлекет башчысы Ысык-Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылында кубулжума жана янтарь жилингир балыгы өстүрүлүп жаткан “Ала-Балык” балык чарбасын көрүп чыкты.

Балык чарбасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 30 тонна форелди түзөт. Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга чарбанын ишин кеңейтүү үчүн кайра каржылоо маселесин карап чыгууну тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Каракол шаарына жумушчу сапарын "Рейна Кенч" ири эт комбинатын ишке киргизүү менен жыйынтыктады.

Анда мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар жана ишкерлер менен баарлашып, фермерлерге «Айыл Банк» ААКтын айыл чарба техникасын лизингге берүү сертификаттарын тапшырды жана малчылардын, айыл чарба продукцияларынын жарманкесин көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий