• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары

Аналитика 0

Акыркы убакта Өзбекстан кайрадан көңүл чордонуна айланды. Өлкө ишенимдүү өнөктөш, инвестиция тартуу үчүн жагымдуу өлкө катары кабыл алынууда. Бирок, өзбекстан өзү дагы Борбор Азия мамлекеттеринин көптөгөн экономикалык тармактарына инвестиция салууга жөндөмдүү.

Кыргызстан менен өзбекстандын ортосундагы мамиле турмушта болуп келген айрым айың сөздөргө карабастан дайыма маанилүү мүнөздөлүп келгенин моюнга алышыбыз керек. Бирок, азыр Өзбекстандын да, Кыргыз Республикасынында өнүгүүсүндө жаңы доор башталды. Ошондуктан азыркы абалда жакын байланыштар көп багыттар боюнча кызматташтыкта, андан тышкары стратегиялык өнөктөштүктү өркүндөтүүдө көп пайда алып келиши мүмкүн. Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жана соода мамилелеринин өсүшүнө таасир эте турган бекем байланыштарга негизделген союздаштык аң-сезимин өөрчүтүшү керек. Саясий маселелерге байланыштуу айта турган болсок, талкууларда жана тапшырмаларды чечүүдө кыйынчылыктар жаралбашы үчүн ал ачык талкууланышы керек.

Нет описания.

Кечээ, Өзбекстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Актуалдуу маселелер, кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги, натыйжалуу өз ара аракеттердин мындан ары өнүктүрүүнүн чаралары талкууланды.

“Кыргызстан жана Өзбекстан – Борбордук Азиядагы үч белгилүү (бири Казакстан) актордун экөөсү, көп багыттар боюнча алардын мүмкүнчүлугү кенен. Өткөн жылдары эки өлкөнүн ортосундагы айрым чыңалууну байкоого боло турган, бирок эки өлкөнүн урматына Кыргызстан менен Өзбекстан өз ара мамилелерин жакшы коңшулук жана союздаштык принциптеринде сактап кала алышканын белгилеп кетүү керек. Ушул баскычта эл аралык мамилелер өз ара ишеним жана өнүгүүнүн платформасында курулат. Дүйнөнүн азыркы саясий картасында дагы деле чыңалуу очогу бар, бирок бул вектор көптөр үчүн пайдалуу эмес. Өзгөчө бир аймакка, бир географиялык аянтка бириккен өлкөлөр же республикалар үчүн. Өздөрүнүн мамилелерин экономикалык өсүш, соода жана гуманитардык кызматташтыктын келечегине негиздөө керек. Ошондуктан, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ар кайсы деңгээлдеги байланышты өнүктүрүү – бул ошол өлкөлөр, алардын келечеги жана элдери үчүн жакшы. Кыргызстандын жаңы бийлиги саясаттын жаңы деңгээлин таптакыр башка таптакыр башка көрсөтүүдө деп айтат элем жана өлкөлөр аралык өз ара мамилелердин мындан ары өсүүсү, атап айтканда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер дал ушудан көз каранды. Өзбекстан аймакта энергетика тармагында лидер болуп саналат, Кыргызстан гидроэнергетика бөлугундө жогорку мүмкүнчүлуккө ээ. Бул Кыргызстан менен өзбекстандын ортосундагы негизги точкалардын бири, ал өз ара мамилелердин жаңы доорундагы баштапкы чекит болуп калышы мумкүн. Тыгыз кызматташтыктын башка дагы алгылыктуу багыттар бар. Мен жакынкы жылдарда аталган амлекеттер аларды таап. Өнуктүрөт деп ойлойм”,-деди россиялык саясат таануучу Марк Антонов.

Нет описания.

Теманы улай Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк деңгээлин канааттануу менен белгилегенин айта кетишибиз керек. Ал Кыргызстан менен олуттуу жана толук масштабдуу кызматташтыкка жана бул максаттар үчүн бардык ресурсту колдонууга даяр экенин билдирди.

Өзбекстандын президенти белгилегендей, эки өлкөнүн элдери реалдуу жыйынтыктарды жон териси менен сезип, мамлекет башчыларынын “сөздөн ишке өткөнүн” көрүшү керек.

undefined

Тактап айтканда, Өзбекстан президенти белгилегендей, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жана бардык тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен ишканалардын санын элүүгө жеткирүү менен ишканалардын жана бизнес объектилердин ортосундагы кооперацияларды күчтөндүрүү, Кыргыз-Өзбек инвестициялык фондун түзүү, транспорттук потенциалды натыйжалуу пайдалануу, суу пайдалануу жана энергетика жаатында кызматташуу, чек ара маселелери ж. б.

«Өзбек тарап эки бир тууган элдин өсүп-өнүгүшү үчүн биргелешкен жигердүү жана жемиштүү иштерди алып баруу ниетинде», — деп баса белгиледи Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

undefined

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн Өзбекстан менен эки тараптуу өз ара байланыштардын бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүктүрүү тышкы саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин айтты.

Ал Түзүлгөн тыгыз жана ишенимдүү байланыштардын, мамлекеттер ортосундагы түз жана үзгүлтүксүз диалогдун аркасында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө олуттуу динамика бар экендигин баса белгиледи.

“Аталган жолугушуу Кыргызстан менен өзбекстандын ортосундагы өз ара мамилелердин тарыхында маанилүү окуя болуп каларын белгилегим келет.Бул борбор-азия аймагындагы өлкөлөр өзүнүн өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлине чыгууга уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ экенин дагы бир жолу далилдейт”,-деди саясат таануучу.

Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштериндеги прогрессти канааттануу менен белгилеп, сүйлөшүүлөрдү улантып, активдештирүү зарылдыгына токтолгонун кошумчалай кетишибиз керек. Ал эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамдаштырууну жыйынтыктоо мындан аркы достук мамилелерге жаңы дем берип, чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдай тургандыгын кошумчалады.

«Кыргыз тараптын бардык көйгөйлүү маселелер боюнча конструктивдүү жана натыйжалуу диалогго даяр экендигине дагы бир жолу ишендирип өтөйүн. Биз биргеликте чек ара маселелеринде эки тарапка тең пайдалуу чечимге келе алабыз деп ишенем», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

undefined

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, Кыргызстан соода-экономикалык кызматташууну ар тараптуу кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин билдирип, эки тараптуу соода жүгүртүүнү эки миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү максатында эки өлкөнүн рынокторунда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендигин айтты. Мындан тышкары, ал биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн Инвестициялык фонду түзүү боюнча жетишилген келишимдерге канааттануу менен токтолду.

Энергетика алгылыктуу багыттардын бири болуусу мүмкүн. Белгилей кетүүчү жагдай, Өзбекстандын энергетикалык тутуму Борбор Азиядагы ири тутум болуп саналат. Электростанциянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 14 140,6 МВт ко жакын. Электр энергиясын иштеп чыгуунун дээрлик 85%ы негизинен жаратылыш газы менен иштеген жылуулук электр борборлорунан, калганы ГЭСтерден келет.

Энергетика жаатындагы эксперт Константин Никитенко белгилегендей, “энергетика маселеси жана гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүк дайыма стратегиялык тапшырмалардын катарындагы маанилүүлөрдүн бири болуп келет. Ар бир өлкөнүн жана аймактын ички коопсуздугу, жыргалчылыгы жана туруктуулугу дал ошол ресурстан көз каранды. Аталган тематика айрыкча учурдагы көйгөйлөрдү, андан тышкары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бул тармактын келечегин эске алуу менен эч качан өзүнүн актуалдуулугун жоготпойт. Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу Борбордук Азиядагы мамлекеттер ички рынокту да, тышкы рынокту да электр энергиясы менен камсыз кылуу үчун ири ресурска ээ. Бардык аймактын жыргалчылыгы алардын колдо болгон резервдерди натыйжалуу пайдалануусуна байланыштуу”.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун деңгээлине канааттанып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында кызматташууну мындан ары бекемдөөнүн маанисин чечмелеп берди.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын боордош мамиледеги эли үчүн эки тараптуу кызматташуунун жана өз ара байланыштардын комплексин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттер мындан ары да улантылат деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле, КР президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен өз ара аракеттерин жакшыртууга багытталган бир катар документтерге кол коюлганын белгилей кетүү керек.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бирдиктүү билдирүү жасашты. Жыйынтыгында Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди Кыргызстанга жооп сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Алдыда көптөгөн максаттарды жүзөгө ашыруу боюнча иштер турат. Бул үчүн саясий эрк да, жөнөкөй жарандардын да көздөгөн өзгөрүүлөрдүн жолуна түшүү каалоосу талап кылынат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери бардык алдыңкы багыттар боюнча жалпы өнүгүү тенденциясы багытында иштөөгө даяр экендигине ишеним бар.

"Кабар" КУМА

Пикир

Оставить комментарий