• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Салык кызматынын дарегине сын айтты

Президент 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик Салык кызматынын дарегине жаңы технологияларды киргизүүдөгү начар иши үчүн сын айтты.

Өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы ведомство өзүнүн ишмердүүлүгүнө жаңы технологияларды киргизүү чараларын тездетүү керектигин айтты.

“Бул ишти тездетүү керек. Көчмө текшерүүлөрдү Салык кызматында бар болгон маалыматтардын негизинде камералык көзөмөлдүн жыйынтыктары боюнча гана өткөрүү керек”, - деп жыйынтыктады өз кайрылуусун президент.

Мамлекет башчысынын ишкерлер менен жолугушуусу бүгүн, 17-сентябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү.

Пикир

Оставить комментарий