• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент «Санарип Кыргызстан» Концепциясын ишке ашыруудагы жооптуу органдардан ыкчамдыкты талап кылды

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкекте өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылынып жаткандыгын айтып, бир катар мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

«Биз амбициялык максаттарды алдыга коюп, санариптештирүү боюнча Кыргызстанды чөлкөмдөгү өлкөлөрдөн алдыга алып чыгууга бел байлаганбыз. Бирок өлкөнү санариптештирүү тармагындагы чечимдерди ишке ашырууда мамлекеттик органдардын ишинин абалы окулган докладдан байкалып турат. Ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасаган жерде натыйжа жана ийгилик бар. Айрым мамлекеттик органдардын иши канааттандырарлык эмес. Кээ бир иш-чаралардын аткарылышы белгиленген мөөнөттөн 6-7 айга чейин создуктурулуп жатат. Мисалы, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтери ишти тиешелүү деңгээлде аткарбай жатышат», - деп билдирди ал.

Президент «Санарип Кыргызстан» Концепциясын ишке ашыруудагы жооптуу органдардан ыкчамдыкты талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий