• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент: Санариптештирүү — бул коррупция менен күрөштө негизги курал

Президент 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Санариптештирүү — бул коррупция менен күрөштө негизги курал болуп саналат, - деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.

Мамлекет башчысынын айтуусунда, учурда дүйнө жүзүндө санарип технологиялар кеңири өнүгүп жаткан мезгил. Ал санариптештирүү боюнча өлкөбүздү региондогу алдыӊкы орунга алып чыгууну максат кылдык, деди.

«Кыргызстанда акыркы эки жылда бул багытта бир топ иштер аткарылды. Азырынча көрсөткүчтөр жаман эмес», - дейт Өлкө башчысы.

Президент эске салгандай, үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстан электрондук башкаруу тутумунун «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун ийгиликтүү киргизгендиги үчүн Эстония Электрондук башкаруу академиясы (Е-GA) тарабынан сыйланган.

Өлкө башчысы маалымдагандай, «Түндүк» электрондук системасы аркылуу мамлекеттик органдардын маалымат алмашуусу жолго коюлду. Учурда 19 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу жүрүп жатат.

Сооронбай Жээнбековдун айтуусунда, санариптештирүү — мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүн жогорулатат, адам факторун азайтат, өз кезегинде Салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматтары сыяктуу бир топ ведомстволордогу коррупцияны кыскартат.

«Өз учурунда бюджет да көбөйөт. Эгерде бюджетибиз өссө, анда айлык акы, пенсиядагы дагы жогорулайт. Бир топ социалдык маселелер чечилет», - деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий