• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Президент: Санариптештирүү — менин көзөмөлүмдөгү эң приоритеттүү тармак

Президент 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Санариптештирүү — менин көзөмөлүмдөгү эң приоритеттүү тармак, - деп билдирди Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээбеков парламенттьин жыйынында сөз сүйлөп жатып.

Өлкө башчысы маалымдагандай, санариптештирүү саясатынын жыйынтыгы катары, учурда жарандарга 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис электрондук форматта жеткиликтүү болду.

"Калктын аяр катмарына мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бардык багыттар боюнча санариптештирүү иши уланууда. Натыйжада, жөлөкпулдарды төлөөдө ашыкча бюрократия жокко чыгарылып, социалдык жардамды төлөөгө дарексиз жолдонуп жаткан бюджеттик каражаттар үнөмдөлүүдө. Санарип — саламаттык сактоо тарамагына да кирүүдө. Бул маселе жакында Коопсуздук кеңешинде каралат", - деди президент.

Ал кошумчалагандай, укук коргоо органдары бардык региондордо „Бирдиктүү терезе“ борборлору аркылуу элге кызмат көрсөтүүдө.

""Бирдиктүү терезе" принциби калкка кызмат көрсөткөн баардык мамлекеттик органдардын ишине киргизилет. Санариптештирүү — бул дүйнө жүзү алдыңкы технологияларды киргизип, умтулуп жаткан нерсе. Биз кыйла кечигип калдык, бирок баардык тармактарга киргизебиз. Коррупцияны ушул жол менен — адам факторун жокко чыгаруу менен гана кыскарта алабыз. Санариптештирүү — менин көзөмөлүмдөгү эң приоритеттүү тармак", - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий