• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Президент Сауд Өнүктүрүү фондунун Азиядагы операциялар боюнча департаментинин башкы директорун кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-февралда, Азиядагы операциялар боюнча департаментинин башкы директору Сауд Аль-Шаммари башында турган Сауд Өнүктүрүү фондунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тараптар учурдагы жана пландаштырылган инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле жакынкы келечекте Эр-Риядда өткөрүлө турган ири иш-чараларды, атап айтканда, Сауд Арабия-Кыргыз бизнес форумун, туристтик роуд-шоу жана башка маданий иш-чараларды талкуулашты.

Мамлекет башчысы Сауд өнүктүрүү фонду кыргыз-сауд кызматташтыгын өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойноорун белгиледи. Тараптар ортосунда кызматташуунун жакшы тажрыйбасы топтолгон.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап кыргыз-сауд мамилесин мындан ары да чыңдоо үчүн эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга кызыкдар.

Президент Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде айыл чарба, саламаттыкты сактоо, ирригация жана жол, мектеп салуу тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу колдоо көрсөтүп жатканына көңүл бурду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2021-2026-жылдарга эсептелген “Менин үйүм” ата мекендик турак жай программасынын алкагында кызматташуу маселелерин да талкуулашты, ошондой эле аны ишке ашырууда Сауд өнүктүрүү фонду менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү каралды.

Өз кезегинде Сауд Аль-Шаммари президент Садыр Жапаровго жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд Аравиянын жетекчилигинин саламын айтты.

Ал белгилегендей, Фонд менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин ортосунда тыгыз кызматташуу жолго коюлуп, анын негизги бөлүгүн өнүктүрүү долбоорлорун алдыга жылдыруу түзөт. Фонд ар түрдүү тармактардагы долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу аркылуу Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууга умтулат.

Мындан тышкары, Азиядагы операциялар департаментинин башкы директору Сауд Аль-Шаммари кыргыз тараптын өлкөнүн муктаж жарандарын турак жай сатып алуу үчүн жеткиликтүү ипотекалык механизмдер менен камсыздоо аракетин жогору баалады.

Сауд Аль-Шаммари жолугушууда талкууланган маселелер каралып жана фонддун башкармалыгы маалымдаларын белгиледи.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууну жана келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий