• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент Сочиде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

Президент 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Сочи шаарында 2018-жылы 14-майда өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө Биримдиктин алкагында соода-экономикалык аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери жана ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык аймактагы мындан аркы интергациянын маселелери талкууланат.

Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия Кыргызстандын Биримдиктин алкагында эки жылдык ишмердигинин негизги натыйжаларын чагылдырган “Кыргыз
Республикасы: Евразиялык экономикалык биримдиктеги эки жыл. Биринчи натыйжалар” аттуу докладды сунуштайт.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун, ошондой эле евразиялык аймакта интеграциялык аракеттенишүүнү алдыга жылдырууну талкуулоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий