• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин берди

Президент 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Коомдук телерадикорпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек берди, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын маегинин стенограммасы толук берилет:

— Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу угармандар. Биз адаттагыдай ишемби күнкү «Президент менен ачык сөз» уктуруусун баштайбыз.

Саламатсызбы Сооронбай Шарипович?

— Саламатсызбы.

— Урматтуу Президент, шайлоого байланыштуу суроолордон баштасак туура болот го. Шайлоо күнүнө бир жума убакыт калды, үгүт иштери кызуу жүрүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы, укук коргоо органдары коомчулукка мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды көбүрөөк берип, жалпысынан кырдаал мыйзам алкагында көзөмөлдө, ачыктык камсыздалууда десек болот.

Ошентсе да коомчулукта айрым кооптонуулар да жок эмес. Басма сөздө да ар кандай эксперттик пикирлер, божомолдор орун алууда. Айрым өлкөлөр сыяктуу, бизде да шайлоого даярдык дагы, анын жыйынтыктары да кырдаалды курчутчу фактор катары кабылданып калган, тилекке каршы.

Мамлекет башчысы катары Сиз кырдаалга кандай баа бересиз?

— Рахмат сурооңузга.

Кооптонууларды мен туура түшүнөм.

Сиз айткандай, ооба, тилекке каршы, биздин өлкөдөгү эки элдик толкундоонун негизги себеби мына ушул шайлоо болгон.

Ал окуялар, биринчи кезекте, бизге — бийликтегилерге чоң сабак болуш керек.

Ошондуктан, шайлоонун ачык, адилеттүү, таза өтүшүнө биринчи кезекте мен, Президент катары кызыкдармын.

Жана ушуга зарыл болгон бардык иш-чараларды мыйзам алкагында тиешелүү органдар менен жасап жатабыз.

Укук коргоо органдарынын шайлоо учурунда өлкөдөгү тынчтыкты сактоо, чагымчылдыкка жол бербөө иштери өзгөчө көзөмөлдө турат азыр.

Шайлоону тынч, кыргызстандыктардын тынч жашоосун бузбай өткөрүү — бул менин президенттик негизги милдетим.

Мени ар бир кыргызстандык колдойт деп ишенем. Ар бирибиз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Кыргызстандын өнүгүүсү, коомдун тынчтыгы — ар бирибиздин колубузда.

Эч бир күч биздин Мекенибизде кандайдыр бир эксперимент жүргүзүүгө акысы жок жана ага, буйруса, жол бербейбиз.

Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, укук коргоо органдарынын да иши күчөтүлгөн тартипте болушу керек.

Коомчулукка маалыматты өз учурунда берүү абдан маанилүү. Болбосо, имиш кептер, божомолдор да өзүңүз айткандай коомчулукту дүрбөлөңгө салып коет. Ошондуктан маалыматты биз такай, өз учурунда берип турушубуз керек.

Мен буга чейин айткандай, ар кимибиз өз милдетибизди так аткарып, мыйзамдуулукту ар кимибиз сактасак эле шайлоо тынч өтөт, буйруса.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен мекендештеримдин көңүлүн коронавирус илдетине буруп кетейин.

Шайлоо менен алек болуп, азыр партиялар да, Өкмөт дагы, албетте, бул саясий ишке алагды болушууда.

Бирок, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды унутпашыбыз керек. Тилеккке каршы, ооруну жуктургандар көбөйө баштады. Коңшу өлкөлөр, алыскы өлкөлөр тартип, эрежелерин катуулатып жатат. Ошондуктан биз дагы маска тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо, көпчүлүк чогулган жерлерге барбоо сыяктуу элементардык эрежелерди унутпай, аларды бекем кармашыбыз керек.

Партияларды мурда да айттым эле, тилекке каршы, адамдарды көп топтоп үгүт ишин жүргүзүп жатышат. Өкмөттүн Республикалык штабы, Борбордук шайлоо комиссиясы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керек. Мындай көрүнүштөргө өз убагында көңүл буруп, аларды эскертип турушу керек деп ойлойм.

Ар бир мекендешимди өзүн-өзү коргоо чараларын сактоого чакырам. «Сактайм дегенди Кудай сактайт» деген сөз бар го, ар кимибиз биринчи өзүбүзгө, балдарыбызга, үй-бүлө мүчөлөрүнө, туугандарга жооптуубуз да. Ар кимибиз биринчи өзүбүз сактансак, ошондо жакындарды сактайбыз да. Ошол үчүн буга кайдыгер мамиле кылбай, жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек.

— Азыр эл арасында шайлоодон кийин карантин кайра киргизилет экен деген да сөздөр бар?

— Эми карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт да.

Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок, карантинди кое-бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь–июль айларында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду, аны көрдүк да. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керек, өзүн сактанганды үйрөнүш керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек. Анан ошондо карантиндик режим сакталат.

— Сиз өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кайсы партия келсе да кызматташканга даярмын деп, буга чейин айткансыз. Ошентсе да, Президент катары тигил же бул саясий күчтөрдүн, партиянын парламентке келишин каалайсыз деп ойлойбуз. Эл арасында да бийликчил партия, оппозициячыл партия деп мүнөздөмө берилүүдө. Партиялардын атын атабасак да, парламентке кандай күчтөрдүн келишин каалайт элеңиз?

— Партиялык системасы өнүгүп, парламенттик демократия жолуна көп жылдар мурун түшкөн өлкөлөрдө, Сиз айткандай, бийликчил партия деп ачык айтышып, ачык күрөшүшөт.

Бийликке болгон күрөштө жеңип келүүгө болгон аракетин жумшап, өлкө өнүгүүсү үчүн мына биз алабыз деп жоопкерчиликти алышат.

Бизде да бара-бара партиялык система өнүгүп, партиялардын ачык-айкын программасы, лидерлери, мүчөлөрү такшалып, ошол тажрыйбага жетебиз деп ойлойм.

Айтайын дегеним, эл аралык тайжрыбада бийликчил партия деген түшүнүктүн жаман жагы жок.

Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган программа, долбоорлорду бийлик парламенттин колдоосу жок жылдыра албайт да. Ошондуктан, бул туура эле түшүнүк.

Тилекке каршы, биздин өлкөдө бийликке байланыштуу түшүнүктөр эл тарабынан негативдик маанайда кабылданып калган.

Ошондуктан, биз бийликке болгон ишенимди, элдин сый мамилесин кайтарышыбыз керек. Албетте, буга жылдар керек, көп эмгек керек.

Ал эми азыркы кырдаалдан алып караганда, ар бир партияда мамлекетчил позициясы күчтүү уул-кыздарыбыз бар, жок эмес.

Парламенттин табияты ошондой. Сындашат, айрымдары популисттикке алдырышат.

Бирок, мамлекет үчүн, эл үчүн маанилүү маселе жаралганда, турмуш көрсөткөндөй, бардыгы эле өздөрүнүн мамлекетчил позициясын көрсөтүшөт. Биригишет.

Мен ишенем, буйруса, келе турган парламентте деле ошондой болот деп үмүттөнөм, ишенем. Анткени баары эле өзүбүздүн уул-кыздарыбыз да. Талаша турган эч нерсе жок. Мамлекетчил депутаттарыбыз көп болот деген менин терең ишеничим бар.

Мен «тигил, бул» деп партияларды атаганым туура эмес болуп калат, ачык үгүттөө болуп калат, аны билесиз.

Бирок, парламентке 5-6 партиянын келишин каалайт элем деп айтат элем. Эмне үчүн дегенде бул өлкө үчүн керек, туруктуулук үчүн керек.

Ошол үчүн 9 пайыз эмес, 7 пайыздык босогону колдогонумдун негизги себеби дал ушул болгон — парламентке канчалык көп партия келе алса, бул өлкө үчүн утуш болот. Бул эми элибиздин колунда. Элибиз, биздин шайлоочуларыбыз кандай добуш берсе, ошондой жыйынтык болот. А биз ачык-айкын, таза шайлоону, буйруса, өткөрүп беребиз.

— Рахмат жообуңузга. Эми тышкы саясатка байланыштуу суроолорго өтсөк.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик жыйынынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгында Кыргызстандын атынан кайрылуу жасадыңыз. Башка маселелер менен катар тышкы карызды реструктуризациялоону туруктуу өнүктүрүү долбоорлорго алмаштырабыз деп айттыңыз. Буга кененирээк токтолсоңуз.

— Быйыл жазында пандемияга байланыштуу бизде карантиндик чектөөлөр киргизилип, бизнеске терс таасир тийди.

Коңшу мамлекеттер да чек араларын жаап, эл аралык соода да чоң үзгүлтүккө учурады.

Бул эми дүйнөнүн көп өлкөлөрү катары биз да ушундай түйшүк тарттык.

Албетте, улуттук бюджетибизге да терс таасирин тийгизди. Республикалык бюджетке түшчү кирешенин ири бөлүгү быйыл түшпөй калды. Бул, албетте, биздин тышкы карызды төлөө мүмкүнчүлүгүбүздү да чектеп жатат.

Мындай көрүнүш дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө орун алды.

Андыктан, май айында өткөн «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чарада» тышкы карызды реструктуризациялоо жана улуттук долбоорлорго алмаштыруу боюнча 3 кадамдан турган формуланы сунуштагам.

21-сентябрда, 23-сентябрда Бириккен улуттар уюмунун Жалпы дебаттарында да эл аралык донорлорго жана финансылык институттарга ушул демилге менен кайрылдым.

Биздин тийиштүү органдар бул багытта Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюму, 20 ири өлкөнүн тобуна кирген мамлекеттер менен катар Париж клубу, ошондой эле Кытай, Япония сыяктуу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат азыр.

Билесиз, бул иштин ийгилиги бизден гана көз каранды эмес. Негизинен, чечимди карызды берген мамлекеттер жана институттар кабыл алышат.

Биз, албетте, болгон аракетибизди азыр жасап жатабыз.

— Эмки жумада Венгрияга расмий визит менен баратасыз. Бул иш сапарыңыздан өлкө үчүн кандай жыйынтыктар болот? Бүгүнкү күндөгү эки өлкөнүн мамилелерин кандай баалайсыз?

— Биздин өлкөлөрдүн тарыхый тамырлары бир. Мамилелер эки мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алуу менен азыркы мезгилде өнүгүүдө.

Билесиздер, 2018-жылы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан расмий иш сапары менен бизге келген. Бизге келип, расмий иш сапар өтүп, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине, андан кийин үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан. Кыргыз-венгер мамилелери мына азыр жаңы деңгээлге чыгып жатат.

Орбан мырзанын иш сапарынан кийин 2019-жылы сентябрда Бишкекте соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны болуп өттү.

Венгриянын жогорку окуу жайларында кыргыз студенттеринин квота орундары 25 орундан 75 орунга чейин ошол мезгилде көбөйтүлгөн.

Эми расмий иш сапардын алкагында квотаны 150 орунга чейин көбөйтүү азыр каралууда.

Бишкекте Венгриянын Элчилиги ачылды.

Эми Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрияга расмий визит менен барууга ниеттенип жатам.

Венгрияга бул чакыруу боюнча жазында бармакпыз.

Бирок, коронавирус пандемиясынан улам жылып кетип, эми сентябрдын этигине туура келди.

Менин алдыдагы иш сапарымдын жыйынтыгы жемиштүү болот деп ишенем. Буйруса, кызматташуу тууралуу дагы бир топ документтерге ал жерде кол коебуз.

Алардын катарында эң негизгиси — бул стратегиялык кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлат.

Саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалды алдын алуу, соода-экономикалык кызматташуу, суу ресурстарын башкаруу жана башка эки тарапка тең кызыкчылык жараткан тармактар боюнча келишимдерге дагы кол коебуз.

Венгрия — Стратегиялык Кызматташтык жөнүндө Биргелешкен Декларация кабыл алына турган Европанын биринчи өлкөсү болоорун баса белгилеп кетем. Буга чейин бир дагы Европа өлкөлөрү менен мындай келишимге кол коюлган эмес. Эми бул кадам өз ара мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге — стратегиялык деңгээлге көтөрөт деп терең ишенем.

Кыргыз-венгер өнүгүү фондусун түзүү боюнча ниетибиз бар.

Ал фондго жүгүртүүчү капитал катары Венгрия «Эксимбанкы» буйруса 50 млн.евро бөлгөнү турат.

Бул фонддун катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөбүз, аталган фонд кичи жана орто бизнеске төмөн пайыздык насыялар менен жардам көрсөтө баштайт.

Бул дагы абдан жакшы жетишкендик болот. Бул эми Кыргыз-Орус өнүгүү фондундай эле, келечекте ошондой фондго айлантканга аракет кылып жатабыз.

Мындан тышкары бүгүнкү күндө, Венгрия тарап квотанын санын 75тен 150 орунга чейин дагы бир жолу көбөйтүүгө даяр.

Буйруса, 2021-жылдан баштап, 150 студентибиз Венгриянын жогорку окуу жайларына окууга барып, ошол жерден билим алганга жакшы шарт түзүлөт.

2019-жылдын сентябрында Будапешт шаарында Түрк кеңешинин европалык кеңсеси ачылып, кеңештин мүчөлөрүнүн өкүлчүлүгүн, алардын ичинде Кыргызстандын өкүлчүлүгүн каржы жагынан камсыздоону өздөрүнө алышты.

Мен расмий визитимдин алкагында Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнө барам.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда.

Биздин ишкерлерибиздин Венгриянын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулайбыз. Бул боюнча дагы сүйлөшүүлөр болот.

Андан тышкары, жакшы иш-чара болот. Бул Будапешт шаарынын скверине биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү иш-чарасы.

Иш сапарым соода-экономикалык гана эмес, маданий тармакты да камтыйт.

Сапар натыйжалуу болот деп айтып кеттим, ишенем. Буйруса, бир топ документтерге кол коюлат. Бул барган иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгыбызды жакшы деңгээлге көтөрөт, байланышыбызды күчөтөт.

— Эмки жумада Россияга да иш сапарыңыз бар экен. Бул негизги стратегиялык жана союздаш өлкө. Быйыл эки өлкө ортосунда эриш-аркак жылы деп жарыяланып, бирок пандемия кесепетин тийгизди. Бүгүнкү кызматташтыктын деңгээлин кандай баалайсыз, кандай пландар бар?

— Биз Россия менен кызматташтыгыбызга чоң маани беребиз. Азыркы учурдагы мамилелерибиз эң жогорку деңгээлде.

Эмки жума, Кудай буюрса, менин Россия Федерациясына иш-сапарым болот. Россиянын Президенти Владимир Владимирович Путин менен жолугушам.

Бир катар маселелерди, буйруса, талкуулайбыз.

Быйылкы жыл биздин өлкөлөрдүн Эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Бирок, пандемиядан улам көп иш-чараларды өткөрө албай калдык. Азыр эпидкырдаал бир аз турукташа баштаган учурда, ушул жумада өкмөттөр аралык комиссиянын 22-жыйыны бизде, Бишкекте өттү. Бул Эриш-аркак жылдын биргелешкен программасынын алкагындагы маанилүү иш-чара.

Өкмөттөр аралык комиссия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча маселелерди карады.

Бул жыйынга катышуу үчүн келген делегациянын жетекчиси Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Логвинович Оверчук менен жолугуштум.

Биз дагы соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле энергетика тармагындагы маселелерди карадык.

Эриш-аркак жылынын ачылышы февралда Москвада болгон.

Кээ бир иш-чаралар тилекке каршы, азырынча абалдын жакшырышына чейин токтоп турат. Алардын мөөнөттөрүн өзгөртүү боюнча Россия тарап менен сүйлөшүп жатабыз.

2020-жылдын аягына чейин айрымдарын өткөрүп, айрымдарын, анын ичинде Эриш-аркак жылынын жабылыш аземин 2021-жылга жылдырдык. Бул боюнча чечим кабыл алынды.

Жыйынтыктап айтканда, келип чыккан кыйынчылыктарга карабастан, биз стратегиялык өнөктөшүбүз, союздашыбыз Россия менен Эриш-аркак жылынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды аткарууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз, жумшап жатабыз.

— Убактыңызды бөлүп, биздин суроолорубузга жооп бергендигиңиз үчүн рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз. Алдыдагы иш сапарларыңыз байсалдуу болсун.

— Рахмат, Сизге да ийгиликтерди каалайм.

Пикир

Оставить комментарий