• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» кезектеги маегин курду

Президент 0


Бишкек, 01.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» маек курду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Төмөндө Мамлекет башчысынын маегинин тексти толугу менен берилет:

— Кутман күнүңүздөр менен, урматтуу радиоугармандар. Салтка айланып калгандай, бүгүн «Биринчи радионун» суроолоруна өлкө Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков жооп берет.

Саламатсызбы, урматтуу Президент Мырза.

— Саламатсызбы.

— Кечээ жакында өлкөдө жалпы улуттук аза күтүү күнү болду. Коронавирус инфекциясы, өлкөнүн күн тартибинде негизги суроо бойдон калууда. Бул илдетке байланыштуу бүгүнкү кырдаалды кандай баалайсыз?

— 30-июнь жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланып, бул илдеттен каза болгон мекендештерибизди эскердик, аларга арнап Куран окудук. Кайтыш болгон бир боорлорубуздун жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам…

Бул илдет ар бир кыргызстандыктын тынч жашоосуна бүлүк салды. Көптөгөн мекендештерибиз аза кайгысын тартышты. Мен дагы чогуу иштеген, жакшы тааныган замандаштарымды, жакындарымды жоготтум… Баарыбыздын тагдырыбыз бир болуп турат. Эми, мына ушул кыйын күндөрдөн да чогуу, биримдикте Кудайдын колдоосу менен буюрса чыгабыз деп элибизди ишендирип кетмекчимин.

Бүгүнкү кырдаалды адистер, «абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда» деп маалымат берип жатышат. Бул албетте, жакшы жышаан. Бирок, мындай шашма баа берүүгө дагы эрте. Эмне үчүн дегенде, өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Окуп-көрүп жатабыз. Дүйнөдөгү абал да бир кылка калыпка келе элек.

Кээ бир ушул пандемия токтоп калды, азайды деп карантинди алган өлкөлөрдө дагы, өнүккөн өлкөлөрдө дагы бул илдет кайрадан башталып атат.

Ошондуктан биз дагы деле кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, ар ким өзүн, өз жакынын коргоосу зарыл болуп турат. Ошондуктан, биримдик менен бирге бекем тартипти унутпайлы.

Негизги көңүл дары-дармек менен камсыздоо, ооруканаларыбызды кышка даярдоо, жаңы ооруканаларды куруу, эскилерин жаңы талапка ылайык өзгөртүү дегендей иштерди жүргүзүп жатабыз.

Азыр мына ушул иштерди катуу көзөмөлгө алдык, өкмөт бул багытта иштеп жатат. Кырдаал көзөмөлдө. Дагы бир ирет өзгөчө баса белгилеп кетем. Кырдаалды мамлекеттик органдар, Өкмөт гана оңдой албайт. Ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти катуу кармасак, бул илдетти буюрса жеңебиз.

— Бул илдет баардык күч-аракетибизди талап кылууда. Ошентсе да өз мезгилинен калбай аткарылчу иштер бар. Мисалы, биздин мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларга тапшыруусу. Быйыл жогорку окуу жайларга тапшыруу аралыктан, санарип ыкмасында жүргүзүлдү. Жаңы окуу жылы да аралыктан окутуу аркылуу башталат деп Билим берүү министрлиги кабарлады. Бул ата-энелер тарабынан бир беткей кабыл алынган жок. Нааразы болгондор да бар. Өлкөнү санариптештирүү боюнча саясат бул тармакка кандай таасир берди деген ойдосуз? Министрлик билдиргендей, баардыгы ойдогудайбы?

— Акыркы эки жылдан бери өлкөнү туташ санариптештирүү саясатын жүргүзүп жатабыз. Негизги максат — калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн тармактарда адам факторун, коррупциялык элементти кыскартуу. Өзгөчө, калкыбыздын калың катмарын камтыган — билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары, салык, бажы тармактары, элге социалдык кызмат көрсөткөн тармак толугу менен санариптешет.

Биз негизги тармактарга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Ушул гана жол менен биз өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасир тийгизген коррупцияны кыскарта алабыз, азайта алабыз. Элди ашыкча, кереги жок түйшүктөн арылтып, ыңгайлуулуктарды түзө алабыз. Муну биз ойлоп тапкан жокпуз, бул дүйнөлүк практика. Биздин өлкө, албетте, абдан кеч баштадык, бирок акыркы эки жылда жарандарыбызга сезилерлик жылыштарды жасай алдык. Мындан ары да бул саясат жеке көзөмөлүмдө болот. Бул менин президенттик ишимдеги негизги багыттардын бири болуп саналат.

Ал эми билим берүү тармагын санариптештирүүнү алсак, ушул коронавирус пандемиясы бул процессти тездетти. Муктаждык жаралып, окутуу процесси толугу менен аралыктан окутууга өткөнгө шарт болду. Буга өттүк десем туура болот. Албетте, мугалимдерибиз өз иш милдетин аткарышты. Буга кошумча, ата-энелер да бул процесске катышууга мажбур болушту. Баарыбыз тең көнүп калганбыз да. Балдарды окутуу, тарбиялоодо негизги милдетти, жоопкерчиликти мугалимдерге жүктөп келгенбиз.

Мына ушундан улам, албетте, ата-энелерибиз, айрымдары нааразы болушу мүмкүн. Баланы окутуудан тышкары башка үй тиричилиги бар, жумушта иштеш керек дегендей маселелер көп. Ошондуктан кээ бир наразычылыктар болууда.

Кечээ жакында билим берүү министринен жаңы окуу жылына даярдык боюнча маалымат алдым. Алгачкы чейректи аралыктан окутуу менен баштап, андан кийин кырдаалга карайбыз деген камылгасын көрүүдө.

Бирок, 1-класска келчү балдарыбызды мектепте окутуу маселесин кароону министрге да, премьер-министрге да айттым. Аларды аралыктан окутуу мугалимге да, ата-энеге да түйшүк алып келет деген ойдомун. Ошондуктан, азыр бул маселени тиешелүү органдар карап жатышат.

Жалпысынан айтканда, билим берүү тармагын санариптештирүү уланат. Быйыл мына, мектеп бүтүрүүчүлөрү аралыктан жогорку окуу жайларга тапшырышты.

Менимче, ата-энелерге, балдарыбызга ыңгайлуу болду. Мурдагыдай, алыскы айылдардан 1 ай мурда Бишкекке келип, ата-эне түйшүк тарткан жок.

Балдар ошол жашаган райондордон эле тандаган кесиби боюнча аралыктан тапшырып, бир топ ашыкча чыгымдан кутулушту. Адам факторунун кийлигишүүсү жоюлду. Бул биз үчүн өтө чоң жетишкендик болду. Саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүүнү күчөтөбүз.

Көп пландар бар, болгону азыр пандемия шартында бир аз мурдагыдай темпте болбой, жайыраак ишке ашып жатат. Буйруса, элибиз түздөн-түз кайрылып, мамлекет кызмат көрсөткөн тармактын баарын санариптештиребиз. Бала төрөлгөндө алчу документтер, мүлк сатып алып каттаган жана башка, айтор күнүмдүк тиричиликте көп түйшүк алып келген нерселердин баарын тең, адамдын кийлигишүүсүн санариптештирүү менен жоебуз деген ниетибиз бар. Буга дагы жогоруда айтылгандай катуу көңүл бурулат.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дагы бир жагдайды айта кетейин. Ушул санариптештирүүгө байланыштуу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадр тандоо системасын да туташ санариптештирдик.

Жыл башында Өкмөткө, Мамлекеттик кадр кызматына бир канча багыттар боюнча милдеттер коюлуп, бул иштин өтөөсүнө чыгыш боюнча тапшырма берилген. Мына ошол иштин өтөөсүнө буйруса чыктык.

1-августтан тартып, жаңы конкурстук система ишке кирет. Иштей баштайт. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер гана сунушталат. Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. «Кадрлар баарын чечет» деп, бизге чейин эле айтып кетишкен.

Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып кеткени жашыруун эмес. Аны көпчүлүк билет. Ошондуктан бул негизги маселе. Ошол кадр тандоодо мамлекеттик кадр кызматы бошогон мамлекеттик, муниципалдык орундарга биздин жарандарыбызга ачык-айкындыкты, калыстыкты түзүп берүү. Кадр тандоо маселесине биздин жарандардын ишеничин толук алып келүү. Ошону менен биздин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы орундарга даяр кесипкөй, тажрыйбалуу, билимдүү балдарды тартуу. Буюрса, бул реформаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, өз максатына жетти.

— Сиз буга чейин бир нече ирет айткансыз. Мурда башталган социалдык-экономикалык тармактардагы долбоорлор пандемия шартында, кыйынчылыктарга карабай, улантылат деп. Өлкө экономикасы чоң жоготууга учурады. Республикалык бюджетте тартыштык жаралды. Мына ушундай кырдаалда өлкө экономикасын өргө тартып кете турган күч — ишкерлер, чакан жана орто бизнес деп айтып жүрөбүз. Мамлекет тарабынан ушул секторго жетишерлик көңүл бурулуп жатабы?

— Азыр түзүлгөн оор кырдаал шартында, ишкердикти колдоо багытында, бир топ иш-аракеттер жасалды. Ишкерлерди фискалдык, каржылык жактан колдоо боюнча мен деталдаштырып, токтолбой эле коеюн. Бул боюнча Өкмөт, тийиштүү министрликтер маалымат берип, иш алып барып жатышат. Маалыматты дагы такай берип жатышат.

Мен баса белгилеп айтып кетчү жагдай — «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы бекитилди. Программаны биринчи башталгандан жалпы каржылоо фонду 14 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө пландалууда. Бул быйылкы жылга кабыл алынган пландар, баштапкы этап.

2021-жылы бул сумманы 40 млрд сомго чейин көбөйтөбүз. Бул боюнча тиешелүү финансылык каржы институттары менен иштеп жатабыз. Ошол жактан дагы каражаттарды тартабыз. Программанын алкагында коммерциялык банктарга Финансы министрлиги тарабынан 2,2 млрд. сом бөлдү. Бул каражаттарды көбү сурап атпайбы, кайда кетет деп. Бул программанын алкагында биринчи жеңил өнөр жайы, туризм, фармацевтика өнөр жайы, жүк ташуулар, өндүрүштүк жана кайра иштетүү ишканаларына өзгөчө басым жасайбыз.

Ушул каражаттарды биз жумушчу орундарды түзүп, айрыкча экспортко чыгып аткан ишкерлерди, ишканаларды жана импорттун ордун толтуруп аткан ишканаларга жумшайбыз.

Бул боюнча иш токтобойт, көзөмөлүмдө. Мен дагы Өкмөткө жардам берип, финансы булактарын сырттан издөө боюнча иштерди жүргүзүп атам. Буюрса, биздин ишкерлерди колдоо фондуна каражат топтоп, ошол койгон максатыбызга жетебиз.

— Сиз айтып жаткан, мамлекет тарабынан берилчү ушул каражат ишкерлер чөйрөсүнө даректүү жетеби? Анткени, бизнес чөйрөсүндө ишенбөөчүлүк да бар. Чиновниктик бюрократия, тааныш-билиштик бул жерде да терс таасирин тийгизип кетпейби?

— Эми алардын кооптонгону бир жагынан туура. 2019-жылы 2 млрд сом биринчи жолу республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Айрыкча, экспортко чыгып жаткан кайра иштетүү өнөр жайын колдоо боюнча. Мына ушул маселе да бюрократташып, 534 млн сому берилип, калганы берилбей калды. Мына ошондон улам чыгып жаткан маселе. Мен да бул маселени айттым, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев тапшырма алган. Ошондой болбой, банктар аркылуу көзөмөлдөш керек. Ошол тиешелүү жумуш ордун түзүп жаткан, жакшы иштеп экспортко чыгып жаткан, импортту толтуруп жаткан ишкерлер менен ишканаларга тездик менен каражаттар жетиши керек. Муну көзөмөлдөп жатам, иш башталды. 7 айдын жыйынтыгы боюнча дагы бул маселеге кайрылып келебиз.

— Өлкөбүздөгү кышка даярдык боюнча Өкмөт азыр уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат. Электр ишканалар тармагы оңдоо иштери менен алектенүүдө. Бирок Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышы көпчүлүктү кооптондурууда. Кышта электр жарыгысыз калбай тургандыгыбызга кандай кепилдик бар?

— Бул маселе бир эле бизде эмес, региондо суу тартыштыгы болуп жатат. Былтыр тоолордо кар орто дээңгелде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок, тилекке каршы, «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы суу сактагычтарга дагы — эл аралык маанидеги суу сактагычтар бар: Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына суу азыраак келип калды. Айрыкча, суу июнь менен июль айларында келет. Былтыркыга караганда азыр 2 млрд 400 млн куб суу аз болуп турат. Август айын күтөлү, августтун башы кандай башталат, ошого карап, анан тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзөт. Жакшы үмүт менен жакшы тилек тилеп туралы. Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ага чейин өзүбүздүн мүмкүнчүлүк бар. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү-кар бар, суунун келиши көбөйсө, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз, буйруса.

— Өлкөдөгү айрым укук коргоочулар жакында эле кайтыш болгон Азимжан Аскаров боюнча билдирүүлөрдү жасашты, бул маселеге ар кыл өңүттө мамиле кылгандар бар…

— Бул иш 2010-жылдан тартып Кыргызстандын элинин, дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келди. Соттун ар кандай инстанцияларына эки тарап тең кайрылып жатты. Эл аралык норма дагы сакталды. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүк кылыш керек. Ал эми мен сот чечимдерин комментарий кылганым туура эмес болуп калат.

Азыркы пандемия шартында, тилекке каршы, көптөгөн жарандарыбыз каза болушту.

Ушул айт күндөрү, жакындарын жоготкон жарандарыбызга, ким болбосун, дагы бир жолу, баарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Жараткан Кудай жерибизге тынчтык, элибизге жакшылыктарды берсин деп тилейм. Ушул апаатты дүйнө эли менен бирдикте жеңели. Ар бир үйгө жакшылыктарды, ийгиликтерди каалайм.

— Урматтуу Президент мырза, кезектеги баарлашуубуз үчүн Сизге радиоугармандардын атынан ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.

— Рахмат, сиздерге да жакшылык, ийгиликтерди каалайм.

Пикир

Оставить комментарий