• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» маек курду

Президент 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радио» радиостанциясына маек курду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Төмөндө «Биринчи радионун» берген суроолоруна Мамлекет башчысынын жооптору:

— Урматтуу Президент мырза, учурдун талылуу суроолоруна өз оозуңуздан жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп отурабыз. Биздин радионун угармандарынын суроолору көп. Бүгүн айрымдарына орун берсек. Башында Сиздин пикириңизди билсек. Азыркы кырдаалды Сиз кандай баалап жатасыз?

— Кырдаал курч. Аны жашырган жокпуз жана жашыра албайбыз. Ондогон мекендештерибиз каза болду.

Алардын арасында мен жакшы тааныган белгилүү инсандар да өтүп кетти.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков, белгилүү диний аалым Чубак Жалилов, окумуштуу Жангороз Каниметов жана башка ондогон атуулдарыбыз бар.

Маркумдардын жакындарына көңүл айтам, сабыр тилейм. Бул оорудан көз жумган биздин ар бир мекендешибизге бейишин тилейм. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун.

Илдет тууралуу айтып кетсем, маалымат декабрда тарады. Январдан тарта жеке көзөмөлүмө алгам. Алгачкы күндөн тарта Өкмөт менен биргеликте аэропорттордо, чек арадагы өткөрмө пункттарда илдетти киргизбөө иш-чараларын көрө баштаганбыз. Кырдаалды алдын алуу максатында 27-январь күнү Коопсуздук кеңешининин ушул маселеге арналган биринчи жыйыны өтүп, ошол жерде тапшырмаларды бергенбиз. Андан кийин дагы бул маселеге Коопсуздук кеңешинде көп кайрылдык.

Мартта карантин киргизгенге мажбур болгонбуз. Анын максаты — вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюу эле.

Эң негизгиси — калкты санитардык нормаларды сактоого көндүрүү эле. Эки ай ошондой тартипте жашадык. Бул өтө кыйын чечим болду. Экономикага катуу сокку болорун билгем. Бирок, кабыл алууга туура келген. Дагы кайталап кетем, биринчи максат — элибизди илдет жайылбаш үчүн санитардык нормаларды сактоого көндүрүү болчу. Ар кандай жолдор менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз.

Таразанын бир тарабында экономика, экинчи жагында улуттун саламаттыгы турду.

Албетте, карантин менен узакка жашоо мүмкүн эмес. Карантин алынган соң, тартип сакталган жок. Буга кошумча кээ бир саясатчылар ачык эле чыгып, парламентте да, анын сыртында да «коронавирус жок, бийлик элди митингге чыгарбаш үчүн жөн эле айтып атат, сырттан каражат алыш үчүн ушундай кылып жатат» деген ойлорду айтып, ага ишенгендер да болду. Ошондой нерселерден жетишкен ийгиликти кармай албай калдык.

Мен кечээ жакында медиктер менен жолуктум. Профессор Оморов башка өлкөлөрдүн мисалдарын айтты, илдеттин жайылышынын негизги себеби — негизги 5 принциптин сакталбагандыгында деп.

Бул эрежелерди биз карантин учурунда 2 ай бою кармагыла, сактагыла дедик. Тартип, биримдик, ынтымак менен чыгабыз. Айрыкча биздин медиктер айткан принциптерди кармагыла деп жаттык. Бул кандай эреже? Колду жуу, маска тагын, социалдык дистанцияны карма, ооруп калсаң дарыгерге кайрыл, кеңеш ал. Эгерде оорураак болсоң больницага жат, жеңил болсо үйдө дарылан, ооруп калгандан кийин бирөө менен контактка барба. Өзүңдү сакта, андан кийин жаныңдагыны сакта деген нерсе — бул жөнөкөй нерсе да. Ушуларды сактабаган үчүн вирус тарады. Бирок дагы деле айтып, талап кылып жатабыз, бул эрежелерди сакташыбыз керек.

Бул күрөштө биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү башка мамлекеттерге караганда чектелген.

Бизде резерв болгон эмес. Бюджеттик кодекс кабыл алынгандан кийин, бир статья бар, өзгөчө кырдаал мезгилине деп 1.5 миллиард сомго чейин топтолот. Мына ошону жумшап келгенбиз. Сел жүрсө, жолдорду алып кетсе, же көчкү жүрсө.

Бизнести оор мезгилде колдой турган каражат түзүлгөн эмес.

Мен айтып эле жүрөм, бизде демократия күчтүү. Ал абдан керек. Бирок, экономика жагын дагы ойлоп жүрүшүбүз керек эле. Ушундан биз кыйналып калдык.

Алгачкы күндөрдөн тартып эле Россия тарап менен сүйлөшүп келдим. Эң алгачкы жолу бул вирустан коргонууда колдоо көрсөтүү маселесин Владимир Владимирович Путин менен 28-февралда Москвага барганда сүйлөшкөнбүз.

Андан бери медициналык каражат жагынан бир топ жардам келди. Азыр дагы күтүп жатабыз. Адистик жагынан да жардам берет. Медиктердин алгачкы тобу келип, биздеги кырдаалды мониторинг кылып кеткен.

Ошол мониторингдин натыйжасында жоон топ врачтар келе жатат. Биздин дарыгерлер үчүн тажрыйба алмашуу жагынан бул чоң жардам болот.

Андан кийин Владимир Владимирович менен дагы 2 ирет сүйлөштүк, дагы жардам келет. Андан тышкары боордош мамлекеттерибиз, коңшу Кытай, Түркия, Катар, Кувейт, биз менен өнөктөш мамилеси бар мамлекеттерден дагы жардамдар келип жатат.

Мен өнөктөш эл аралык уюмдардын дээрлик баары менен, буга чейин башталган таза суу, ирригация сыяктуу долбоорлорго каржылоону токтотпоо жана пандемия шартында жардам берүү тууралуу жеке өзүм сүйлөшүп, ошол каналдар аркылуу да жардам келүүдө.

Азыр эл оозунда эң көп айтылган нерсе — сырттан келген акчаны чоңдор «жеп койду» деген сөз. Мен бул боюнча буга чейин да айткам, азыр да айтам. Андайга жол берилбейт. Жеке өзүмдүн, премьердин көзөмөлүндө. Өкмөт келген каражаттын максаттуу колдонулушуна башы менен жооп берет! Эл алдында, мыйзам алдында, Кудай алдында да.

Урматтуу мекендештериме айтаарым, ооба абал оор. Муну баарыбыз билип турабыз. Биз жалпы кыргызстандыктар пандемия шартында жашаганды жана эмгектенгенди үйрөнүшүбүз керек. Экономикалык, социалдык долбоорлор токтобойт. Жаңыларын баштайбыз. Менин президенттик ишимде калкты таза суу менен камсыздоо, ирригацияны оңдоо, калкты арзан турак жай менен камсыз кылуу программалары кырдаал канчалык кыйын болсо да токтобойт.

Социалдык тармакта иштегендердин айлыгы үзгүлтүккө учурабайт. Баары тең убагында төлөнөт. Аялуу катмардагы жарандарыбызды колдоо саясаты да көзөмөлдө. Муну да токтотпойбуз.

Өлкөнү санариптештирүү мурдагыдан да ыкчам темпте жүрөт. Анткени пандемия санарипке болгон муктаждыкты абдан күчөттү. Бул талапты азыр да катуу коюп жатам. Бардык тармактар боюнча санариптештирүүнү тездетебиз. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, биз дүйнөлүк рейтингде санариптештирүү боюнча 9 позицияга алдыга жылдык. Бул кыска мөөнөттөгү абдан чоң жетишкендик деп эсептейм.

Деги эле калктын турмушун жакшыртууга багытталган бардык долбоорлор токтобойт.

Биз мындан да оор кыйынчылыктарды жеңип келген элбиз. Үмүттү үзбөйлү, урматтуу агайын-туугандар, мекендештерим! Тарыхыбызда мындан да оор сыноолорду өткөзгөнбүз. Бул кыйынчылыктардан да чыгабыз. Ооруну жеңүүнүн бир эле жолу бар: улуттук биримдик, эбегейсиз жоопкерчилик, абдан терең ишеним.

Негизгиси — жерибиздеги тынчтык жана элибиздин амандыгы.

Кечээ жакында Аалы акыныбыз, баталуу элбиз деп ырдаптыр. Абдан кунт коюп уктум. Угуп койсо деп каалоо айтат элем.

Адамзаттын башына түшкөн мүшкүлдү дүйнө эли менен катар биз да жеңип чыгабыз.

Президент катары менин ар бир күнүм ушул пандемия менен башталып, пандемия менен бүтүп жатат. Эң маанилүү жана керектүү жагдайлар боюнча менде толук маалыматтар бар. Өкмөт, жергиликтүү бийлик эмне чараларды көрүп жатканынан толук кабардармын. Өзүм дагы күнүгө талапты коюп, сүйлөшүп, тиешелүү чараларды көрүү, элге медициналык кызмат көрсөтүү, дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча талаптарды коюп жатам.

Азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ илдетибизди ашкереледи. Жыйынтыктарды чыгарабыз. Бир топ мамлекеттик маселелер, багыттар боюнча терең ойлонуудамын. Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз, буйруса. Анын негизгиси — саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды. Буйруса, саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз.

— Элди түйшөлткөн азыркы учурдун маселеси дары-дармек болууда. Баасын көтөргөндөр жазаланат дегенсиз. Аны да коомчулук күтүп калды. Мындан тышкары, дары-дармек запасын түзүү, рыноктогу таңсыктыкты, дефицитти жоюу боюнча мамлекеттик деңгээлде кандай иштер болууда?

— Мен бул боюнча жалпы мекендештериме болгон кайрылууда дагы айткам. Калкыбыздын башына ушундай оор мезгил келип турганда ошол нерседен пайда табам деген адамдардын баары тең элдин душманы деп. Бир эле дары ташыгандар эмес, жалпы эле айткым келет, ишкерлерге, ар бир адамга.

Азыр бул менин жеке көзөмөлүмдө, Өкмөт башчынын көзөмөлүндө. Тиешелүү мамлекеттик органдар буга көзөмөл кылып жатышат. Көрүп жатасыңар, бул багытта катуу иш алпарып жатабыз.

Экинчи маселе, негизги маселе — ошол ишкерлерди колдоо маселеси. Ошол фармацевтика тармагында иштеп жаткан, фабрика салып жаткан, дары, медициналык каражаттары чыгарып жаткан ишкерлерди колдоо маселесин колго алып жатабыз. Премьер менен дагы сүйлөштүм, болгон каражаттарды ушул багытка да жумшайлы, берели деп. Мамлекеттик банк, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан, сырттан келген каражаттардан дагы ошолорго берүү, колдоо боюнча ишти колго алып жатабыз.

Көп дарыны сырттан алып келүү, импорттун ордун толтуруу боюнча дагы сүйлөшүп жатабыз, бул боюнча дагы иш болот. Негизгиси, мамлекеттин материалдык резерви бар. Мурун дары-дармектер дагы ошол жерге сакталып келген. Көп жыл болуп калыптыр, токтотуп коюшкан. Азыр мына Өкмөт менен сүйлөштүк, Өкмөт иштеп жатат. 65 эң керектүү деген дары-дармекти запас кылалы деп бул боюнча дагы иштеп жатабыз. Буюрса Өкмөт бул ишти жасай баштайт.

— Пандемия шартында азыр саясий кырдаал да чыңалууда. Айрым саясий партиялар менен бирге айрым жарандар да күзгү шайлоону токтотуу керек деген сунуш, талаптарын айтууда. Президенттин жарлыгы чыкты, шайлоону 4-октябрда өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы ишин баштады. Бул пикирлерге кандай жооп бересиз. Шайлоо эмнеге пандемияга карабай өз убагында өтүшү керек?

— Ооба, бул тууралуу угуп жатам, окуп жатам. Ар кандай күчтөр талкуу жүргүзүп башташты. Мамлекеттик бийликтин социалдык-экономикалык багыттагы максаттардан тышкары саясий да милдеттерибиз бар.

Ооба, азыр ар бирибиз өзүбүздүн, балдарыбыздын, ата-энебиздин ден соолугун ойлоп, сарсанаабыз. Аны мен түшүнүп, баарын билип турам. Негизги түйшүгүбүз ушул болуп калды. Бир жагынан дары-дармек тартыштыгы, экинчи жагынан дарыгерлерибиз жетишпей, негизги түйшүгүбүз ушул болууда.

«Кайдагы шайлоо, кайдагы саясат» деген суроо азыр жөндүү болуп, айрым мекендештерге жагып жатат, анткени кырдаал ошондой болууда да.

Бирок, урматтуу мекендештерим, президент катары айтам, баардыгы өз убагында аткарылышы керек. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эртеңкини унутууга акыбыз жок. Ошонубуз менен элбиз, ошонубуз менен укуктук мамлекетпиз.

Эгерде биз сыноо болсо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузалы, Конституцияны бузалы деп, башка жолго бургандарды ээрчип кетсек, анда укуктук мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоолор өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт.

Мен буга тийиштүү Жарлыкка кол койдум. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштады.

Шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өттү.

Мен кайрылат элем, урматтуу «Ата мекен» жана «Республика» партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө. Ушул партиялардан шайланып, иштеп келген, иштеп жаткан депутаттарга ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына айтаар элем. Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм.

Мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилген эмес.

Мекендештериме айтаарым, көпчүлүгүңөр бийликти сындап жатасыңар. Андан да көбүңөр вирус менен күрөшүүгө жардам берип жатасыңар. Эң алдыңкы катарда илдет тарабасын деп чоң иш жасап жатасыңар. Мен сиздердин ушул жаратмандык позицияңарга таазим этем жана саясатчыларды сиздерден үлгү алса дейм.

Ток этерин айтканда, алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолор Конституцияда аныкталган мөөнөттө өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы азыр иштеп жатат. Чыгымдарды азайтат. Бул боюнча тапшырмалар берилген. Өкмөт менен бирдикте пандемия шартында шайлоону өткөрүүнү караштырып жатат. Негизгиси эл саламаттыгына кедергисин тийгизбөө жагын карап жатышат.

Буйруса, бардык мамлекеттик органдар, Өкмөт, БШК, жергиликтүү бийлик, мен башында туруп, бардык партияларга, бардык катышкан жарандарга бирдей шарт түзүп беребиз.

— Пандемиянын шартында Өкмөттү дайым колдоп келдиңиз. Бирок алардын жасаган ишине коомчулуктун ичи чыкпай, көрүнөрлүк иш кыла албай жатат деген сындар көп айтылууда. Бул сындардын канчалык денгээлде чындыгы бар деп эсептейсиз? Өкмөттү кетирип, жаңысын алып келиш керек дегендер да бар.

— Билесиңер, Кубат Айылчиевич буга чейин Премьердин биринчи орун басары болуп келген. Вируска каршы күрөштөгү оор мезгилде, карантин кирип атканда Республикалык штабдын ишинин баарын өзү жетектеп келген. Ошондуктан, бул багытта колунан келишинче кырдаалды көзөмөлдөп жатат.

Мен колумдан келишинче президент катары жардам берип жатам. Азыр шайлоого аз калды, 3 айга жакын калды. Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок. Азыр биз эми мүмкүн болушунча колдо болгон адамдык ресурстун баарын мобилизациялап, күчтү бириктирип, иштешибиз керек. Колуна кол, бутуна бут болуп, Өкмөткө жардам беришибиз керек. Азыр сындай турган мезгил эмес. Азыр жардам бере турган мезгил. Бардык мүмкүнчүлүк, аракеттерди бириктирип, ынтымакта, тартипте илдетке каршы турушубуз керек.

Өкмөт болсо, мен жогоруда айткандай, парламенттик шайлоодон кийин Конституцияга ылайык кайра куралат. Ошол мыйзамдуу жол менен алмашат.

Бул Өкмөт калабы, калбайбы ошол келген парламент өздөрү чечет, бул парламенттин укугу. Парламенттик шайлоо болушу керек дегеним да ошол.

Аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги туруктуу иштеши керек. Ошондуктан биз мыйзамдуу жол менен кете беришибиз керек, мыйзамдуу жол менен бардык иштер бүтүшү керек.

— Урматтуу Президент мырза, акыркы мезгилде бийликти кулатуу багытында түрдүү чакырыктар пайда болуп жатат. Айрыкча жаштардын арасында. Бул чакырыктардын артында кайсы бир күчтөр турабы же коомдун маанайы ушундай түзүлүп калды деп эсептейсизби?

— Азыр мына көрүп турасыңар, Кыргызстанда эки маселе жанаша жүрүп жатат.

Биринчиси — ковид. Ал абдан чоң маселе. Элибиздин, улуттун саламаттыгы.

Экинчиси, бийликке болгон күрөш. Ал да өз күчүндө.

Азыркы кээ бир саясий күчтөр ковиддин кесепетинен жаралган кырдаалды пайдаланып, саясий кырдаалды чайпалткысы келген, өз дивидендин алгысы келген саясатчылар жок эмес, бар.

Менин президенттик милдетим — ковидге каршы күрөш, элдин саламаттыгын сактоо.

Ушуга тете дагы чоң милдетим бар — бул саясий чайкоочулукка жол бербөө, коомдогу туруктуулукту сактап калуу.

Менин шайлоо өтүшү керек дегеним да ошол себептен.

Шайлоо аркылуу бийликке келишсин, каалаганы.

Аны эл чечет. Эл кимди шайласа, алар келип Өкмөттү курасын. Ал ошол парламенттин укугу.

Көчөдөгү саясий чайкоочулук, бет тырмарлык менен эмес, аны жогоруда да айттым, мыйзамдуу жол менен келишсин.

Мен түшүнүп турам, окуп, угуп жатам. Бардыгын билем.

Азыр эл абдан ачуулуу.

Көптөр өз жакындарын жоготту. Бул абдан оор нерсе.

Муну айрым саясатчылар элдин пайдасына эмес, өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер дагы жок эмес, биз ошого жол бербешибиз керек.

Мыйзамдуу жол менен бийликке келгиле, шайлоого катышкыла, эгерде шайлоодон утсаңар, келип алып Өкмөттү курагыла деп айтып жатам.

Жаштарга да кайрылып кетет элем, соц тармакта деги эле саясатта активдүүлүгү, жарандык активдүүлүгү бул — өлкө үчүн, биз үчүн жакшы көрүнүш. Жаштар биздин келечегибиз. Ачык өлкөбүз.

Бир гана тилек, кандай гана күрөш болбосун, чыдамкайлык менен укук талаасында, өзүнүн гана эмес, башканын да укугун сыйлоо менен алып баруу керек. Бирөөнүн колунда курал болуп калбоо керек. Жаш мекендештериме менин каалоом ушундай.

— Акыркы кезде көп нерсени талдап, терең ойлонуп анализ кылып жатам дедиңиз. Азыркы кырдаалда эмне Сизди өкүндүрөт? Эмне кубантат?

— Мени Президент катары, жаран катары да чиновниктердин армиясындагы адам фактору, тагыраак айтканда, жоопкерчиликсиздик, кайдыгерлик абдан өкүндүрөт.

Бир мисалга токтолуп кетейин. Кечээ Токмоктогу «Транс текстиль» фабрикасына бардым. Мурун дагы баргам. Булар кездеме чыгара башташкан. Алар эми профилин өзгөртүп, маска чыгара башташты.

Эми азыр биз маскага абдан муктаж болбодукпу. Сырттан алып келип жаттык. Мына ошол сырттан келип жаткан масканы токтотуп, бир эле бизге эмес, экспортко чыкканга чоң мүмкүнчүлүгү бар фабриканы башташкан да.

Эми ошого жардам бергендин ордуна, биздин мамлекеттик органдар, айрыкча орто звенодогу чиновниктердин кайдыгерлигинен, шалаакылыгынан улам бир-эки кагаз ала албагандыктан толук кандуу иштей албай жатат. Кечээ ушуну көрүп абдан кейидим. Ал жерде жумушчу орундары бар, салык төлөйт, соцфондго чегерет. Ошол жерде иштегендер айлык алат, сыртка кетпейт. Жумушчу орун болот ал жерде.

Ошонун баарын көрүп туруп, ошол мамлекеттик органдардын — Каржы министрлигинин башкармалыгынын, Экономика министрлигинин, стандартташтыруу боюнча мамлекеттик органдын, Саламаттык сактоо министрлигинин кайдыгерлигин көрүп абдан капаландым.

Бул боюнча тапшырма бердим, чара көрүлөт. Биз азыр фабрика, завод салалы, ошолорду иштетели деп аракет кылып жатабыз.

Жаңы технология менен экинчи бир жаңы линиясын салыптыр. Пахтаны кайра иштетет. Былтыр 300 тонна пахта сатып алыптыр, өзүбүздүн жарандар, ишкерлер мына. Ошол ноябрда ишке кирмек экен. Мына бир жыл болуп калыптыр. Ошону дагы биздин мамлекеттик органдар бербей, созуп ушул күнгө келген да. Мындайлар менен биз катуу күрөшөбүз. Мындай адамдар мамлекеттик бийликте иштебеши керек. Алардын орду башка жерде.

Мени элибиздин кең пейилдиги кубантат. Ынтымак, биримдиги кубантат. Оор мезгилде биз — кыргыз эли өзүбүздү көргөздүк. Баары суктанып жатышат. Мамлекет кыйналып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин ыктыярчыларыбыз, жалпы элибиз көтөрүлдү, «Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» дегендей, мына мени ушул кубандырат.

Анан дарыгерлерибиздин баатырдыгы кубантат. Учурдан пайдаланып, биздин медиктерге башымды ийип, чын ниетимен дагы бир ирет таазим кылам!

Биздин элде алам дегенден, берем дегендер көп экендиги кубантат. Карантин киргенде, бардык ишканалар жабылып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин жарандарыбыз, ыктыярчылар өздөрү чыгып, тамак-аш жетишпей жаткандарга үйүнө чейин барып, жардам берип жатты. Мына азыр дагы ооругандарга дары-дармек, медициналык жардам берип жатат. Ыктыярчылар кандай чоң күч экенин көрүп жатабыз.

Ишкерлерибиздин социалдык жоопкерчилиги, коомго болгон ак ниет мамилеси көрүндү! Мен ыктыярчыларыбызга терең рахмат айтам. Ар дайым элиңер менен болгула! Кылган ишиңер Кудайдан кайтат, кайтпай койбойт.

Дагы бир ирет айтам, урматтуу кыргыз элим, биз тарыхы терең элбиз. Далай кыйынчылыктарды жеңген элбиз. Кыйынчылык башка түшкөндө, бириге калган, ынтымактуу элбиз. Мына ушунубуз менен бардык кыйынчылыктарды, буйруса, Кудайдын колдоосу менен жеңебиз.

— Урматтуу Президент, убактыңызды бөлүп, өлкөдөгү азыркы кырдаал боюнча суроолорго жооп бергендигиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сизге чоң рахмат!

Пикир

Оставить комментарий