• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы сейил бактын ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 30.08.19. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Ч. Айтматов жана А. Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынган сейил бактын ачылыш аземине катышты.

“Эртең биздин сүйүктүү өлкөбүз өзүнүн 28 жылдыгын белгилейт. Мен баарыңыздарды ушул майрам менен куттуктайм. Бүгүн шаар тургундары үчүн да өзгөчө майрам, жаңы парктын ачылышы менен кутуктайм”, - деди президент.

Мамлекет башчы билдиргендей, күнүгө кечинде сейил жактан өтүп, муниципалитеттин кызматкерлери иштеп жатканын, бул жердин өзгөрүп жаткандыгын байкачу. Алар катуу мээнеттенип иштешти. Президент сейил бактын курулушуна салымын кошкон адамдардын баарына ыраазычылык билдирди.

“Советтик жылдарда Фрунзе жашыл шаар деп аталчу. Бирок, акыркы жылдары ал атын жоготту. Борбор калаабызга жашыл шаар деген атын кайтарышыбыз керек”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий