• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Сооронбай Жээнбеков БШКнын жаңыланган имаратына барды

Президент 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңыланган имаратына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясына ылайык түзүлгөн Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борборунун ишмердүүлүгү жана менен тааныштырды.

Анын негизги ишмердүүлүгү шайлоо процессине катышуучулардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана билим берүү программаларын, семинарларды, лекцияларды, илимий-практикалык конференцияларды, тегерек стол, окутуучу тренингдерди жана башкаларды уюштуруу болуп саналат.

Президент бардык региондордо Борбордун программасын тең жайылтуу үчүн облустардагы жогорку окуу жайлар менен өз ара мамилесин камсыздоо боюнча пландарды колдоду. Борбордун иш-чараларынын бардык жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, электрондук окутууларды жүргүзүүдө салттуу форматтарды да, заманбап санариптик технологияларды да колдонууга чакырды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу жана шайлоо процессине жаштардын катышуусун жогорулатуу боюнча иштер тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, шайлоодо колдонулуучу жабдыктар жайгаштырылган залды көрүштү. Бул жакта жарандар шайлоо технологияларынын иши менен таанышып, добуш берүү системасын тесттик режимде иштетип көрө алышат.

Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен онлайн-видеоконференция болуп, алар Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылында жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында өткөн айыл өкмөттөрүн шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө айтып беришти.

Чүй облусунун Москва районунун жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун аймактык комиссияларынын өкүлдөрү дагы онлайн-видеоконференцияда алдыда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго карата даярдыктар тууралуу маалымат беришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков БШК мүчөлөрү менен пикир алышууда саясий жана экономикалык тармактарда ачык жана калыс атаандаштык болгондо гана өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Ал БШКнын башкы милдети бардык деңгээлдеги шайлоолордун ачык-айкындыгын камсыздоо жана шайлоо системасынын платформасын туруктуу түзүү экендигин эске салды.

«Шайлоо системасынын ачык-айкын жана туура иштөөсү БШК мүчөлөрүнүн, аймактык комиссиясынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнөн жана адамдык сапаттарынан көз каранды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков БШК мүчөлөрүн жана аппарат кызматкерлерин Шайлоо комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий