• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков Будапешт шаарында Баатырлар аянтына гүлчамбар койду

Президент 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда, Венгрияга расмий визитинин алкагында Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чара Ардактуу кароол ротасынын катышуусу менен аскер оркестринин коштоосунда өттү.

Мамлекет башчысы венгер мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусуна салымын кошкон белгилүү венгер ишмерлери менен инсандарынын элесине таазим кылды.

Баатырлар аянты - Будапешт шаарынын эң маанилүү аянттарынын бири, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын бир бөлүгү болуп саналат.

Баатырлар аянтынын ортосуна баш периште Гавриил жана анын айланасында мадьярлардын 7 жол башчысынын элестери берилген Миңжылдык мемориалы турат. Эстелик венгерлердин Мекенинин калыптанышына жана Венгер королдугунун негизделишине арналып курулган. Ошондой эле көрүнүктүү венгер ишмерлеринин скульптурасы менен коллонада тургузулган. Мемориалдын алдында венгер баатырларынын урматына эстелик такта орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий