• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Президент 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Буга чейин Мамлекет башчысынын Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан.

Бул күндөрү Президент Сооронбай Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат.

Эртең, 30-июнда, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.

Пикир

Оставить комментарий