• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 9-10-сентябрь күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында жана Кара-Суу районунда билим берүү жана медицина объектилеринин, аймактын ички жолдорунун курулушу менен таанышып, ошондой эле айыл чарба жана өнөржай ишканаларынын ишмердүүлүгүнөн кабар алат.

Мындан сырткары, Президент сот системасын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн жана коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий