• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Россияга учуп келди

Президент 0

Москва, 29.11.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков россиялык тараптын чакыруусу менен Россия Федерациясына алгачкы чет элдик сапарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Евразиялык мейкиндикте интеграциялык бирикменин алкагында өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулайт.

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен дагы жолугушат.

Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Беларусь Республикасына барып, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Пикир

Оставить комментарий