• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупция менен күрөш – оңой маселе эмес

Президент 0

Бишкек, 24.11.19. /Кабар/. Коррупция менен күрөш – оңой маселе эмес, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө коррупция менен күрөш тынымсыз жүрүп жаткандыгын айтты.

«Баары эле коррупция менен күрөштү колдойт. Бирок иш жүзүндө башкача болууда. Калкыбыз 6,5 миллионго жетип калды. Сурап келгенде баардыгы тууган же куда-сөөк болуп чыга келет. Жакындары пара менен колго түшсө, дароо ага колдоо көрсөтө башташат. Албетте, буга окшогон маселелер да жок эмес. Бирок, акырындан бул да артта калып жатат десем болот», - дейт Өлкө башчысы.

Коррупция менен аёсуз күрөштү эл колдоп жаткандыгын билдирген Президент, алдыга коюлган максаттар ишке аша тургандыгын кошумчалады.

«Бизде эрк бар. Эң башкысы, биздин күрөштө коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик органдарды тазалоо процесси турат. Булар сот системасы, прокуратура, милиция, Финполиция, Эсептөө палатасы жана башкалар», - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Коррупция менен күрөштө натыйжа болушу үчүн ага каршы күрөшүп жаткан органдарды тазалоо керектигин айткан Өлкө башчысы, туура эмес адамдардан арылабыз, деп баса белгилеп өттү.

«Тазалоо процесси уланат. Эң негизгиси элдин колдоосу бар», - деди Президент.

Пикир

Оставить комментарий