• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сөз сүйлөйт

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү өлкө Президентинин катышуусунда ант беришет.

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкө Президенти Жогорку Кеңештин жыйындарында сөз сүйлөөгө укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий