• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайтып келди

Президент 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 24-июнда, Россия Федерациясынын Москва шаарынан кайтып келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, делегация мүчөлөрү коронавирус инфекциясына кайрадан анализ тапшырышты.

Буга чейин белгилегендей, алардын бардыгы, анын ичинде мамлекет башчысы дагы анализдери чыкканга чейин 3 күндөй өз алдынча обочолонууда болушат.

Мурда анализдеринде илдет аныкталгандар 14 күн обочолонууга алынат.

Пикир

Оставить комментарий