• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвага иш сапары менен келди

Президент 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз-россия мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланат.

Эки мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Иш сапардын алкагында, президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарындагы ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Өлкө башчысын коштоп кеткендердин тизмеси:

- КРнын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
- КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
- КР РФгы элчиси Аликбек Жекшенкулов;
- КР ЖКнын вице-спикери Мирлан Бакиров;
- КРнын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев;
- КРнын ЖКнын депутаты Канат Исаев;
- КРнын ЖКнын депутаты Марат Аманкулов;
- КРнын ЖКнын депутаты Тынчтык Шайназаров;
- КРнын ЖКнын депутаты Евгения Строкова;
- КРнын ЖКнын депутаты Талант Мамытов;
- КРнын ЖКнын депутаты Бактыбек Турусбеков;
- КРнын ЖКнын депутаты Самат Гүлнара-Клара;
- президенттин кеңешчиси Олег Панкратов.

Пикир

Оставить комментарий