• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Президент: Мугалимдер – эң сыйлуу адамдар болушу керек

Президент 0

Бишкек, 24.11.19./Кабар/. Мугалимдер – эң сыйлуу адамдар болушу керек, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.

Өлкө башчысы өз сөзүндө билдиргендей, мугалимдердин санаасы тынч болсо, балдарга да жакшы билим беришет.

«Ушул жылдын 1-октябрынан тарта билим берүү тармагындагы 120 миң кызматкердин маянасы 30 пайызга жогорулады. Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, эми анын маянасы 18 миң сомго чейин көтөрүлдү», - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Ал ошондой эле дарыгерлердин дагы айлык акысы көтөрүлгөндүгүнө токтолду.

«2011-жылдан бери көтөрүлбөй келаткан медиктердин айлыгын былтыр үй-бүлөлүк врачтарга жогорулатканбыз. Быйыл башка адистиктеги медициналык кызматкерлердин айлыгын 30 пайызга жогорулаттык», - деди Мамлекет башчысы.

Президент андан тышкары, 2020-жылдан тарта катардагы милиция кызматкерлеринин айлык акысы дагы жогорулай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий