• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна иш сапары менен барат

Президент 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. КР президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө региондоруна иш сапарларын улантат. 10-11-июнь күндөрүндө мамлекет башчысы Ош облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына барат. Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коет.

Президент иш сапарынын алкагында Ош облусундагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле өнөржай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Пикир

Оставить комментарий