• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сөз сүйлөйт

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий